БЛЕШИНСКИЙ Станислав Аладимирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:25, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЕШИ́НСКИЙ Станислав Владимирович [1919-жылы туулган, Пишпек – 24.7.2005, Фрунзе (азыркы Бишкек)] – химия илимдеринин доктору (1963), профессор (1967). Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1979). КРдин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (1980, 1994). 1941-жылы Томск университетин бүтүргөн. 1958-жылдан Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес ж-а физикалык химия институтунда илимий кызматкер, директордун орун басары, директору, КР УИАнын химия ж-а химиялык технология институтунда бөлүм башчы болуп иштеген. Сейрек ж-а чачыранды элементтердин химиясын изилдеген.

Эмг.: О всаливании органических веществ. Ф., 1967; Химия боюнча кызыктуу тажрыйбалар (в соавторстве). Ф., 1984;

Меркабид метана ( в соавторстве ). Ф., 1 988 . Прогнозирование и оценка месторождений комплексных руд в чёрных сланцах. Б., 2001.