ДАБДЫРАӉ
ДАБДЫРАӉ – организмде жалпы зат алмашуу бузулуп, жүрөк жана дене булчуӊдарынын өзгөрүүсү менен мүнөздөлүүчү ылаӊ. Аны менен малдын бардык түрү жана бакма канаттуулар ылаӊдайт. Кыргызстандын шартында 3–4 айга чейинки козулар ылаӊдап, бир кыйла зыянга учуратат. Ылаӊдын негизги себеби – малды бир түрлүү жана сапатсыз, Е витамини жана организмдин тиричилигине эӊ керек селенит микроэлементи жок тоют менен тоюттандыруу. Ылаӊ өзгөчө 10– 20 күндүк козуларда өтө оор өтөт. Эгерде жүрөгү дартка чалдыкса, демигет, көзүнүн былжыр кабыкчалары саргарат, дем алуусу жана жүрөк кагышы тездейт. Булчуӊ эти жабыркаган козулар араӊ жатып-турат, бутун араӊ шилтеп, дабдыраӊдайт. Убакыт өткөн сайын мойну, буту кайра-кайра карышат, жарым-жартылай шалга айланат. Дене булчуӊдары катуу жана шишигендей сезилет. Муундары шишийт. Ылаӊдын клиникалык белгилери билине баштаганда эле отордогу бардык козуларга селенит натрий эритмесин тери алдына же булчуӊуна куят. Селенит натрий өтө уу зат болгондуктан, анын эритмесин даярдоо жана эмдөө өтө кылдат жүргүзүлөт. Селенитти куйгандан кийин малдын ууланганы сезилсе, жем же суу менен 1,5 мг/кг эсебинде атаксил 3–5 күн берилет. Ылаӊды алдын алуу максатында тоют сапаттуу даярдалып, малды витаминдүү, минералдык заттары жетиштүү тоют менен камсыз кылуу керек. Ошондой эле, туутка 3–4 жума калганда, бардык койго селенит эритмесин куюу сунуш кылынат.
Д. Раимбеков.