«ДЕН СООЛУК» ЖУРНАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата BermetB (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ДЕН СООЛУК» ЖУРНАЛЫ – Кыргыз ССР Са­ламаттык сактоо министрлигинин илимий-популяр­дуу көркөм журналы. 1960-жылдан айына бир жолу чыгып турган. Анда медицина илиминин жаӊы ачылыштары, ийгиликтери, жетишкендиктери, коомдук жана жеке гигиена, ар кандай дарттар­дын алдын алуу, санитариялык талаптарды ат­каруу, эмгекти, эс алууну туура уюштуруу, эне менен баланын саламаттыгын коргоо сыяктуу маанилүү маселелер боюнча макалалар, очерктер, сүрөттөр, адистин кеӊештери басылып турган. Учурда журналга КР Саламаттык сактоо ми­нистрлиги жана «Ден соолук» акционердик коо­му ээлик кылып, ал ай сайын кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.