ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ – кокусунан болуп ту­руучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жа­нар тоолордун атылышы, суу астындагы жер титирөө, деӊиз кемелеринин жүрүшү) же Күн жана Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тар­туу күчүнүн таасири менен океан, деӊиздердеги суу­нун термелүү кыймылы. Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кый­мылдайт. Толкундун эӊ төмөнкү бөлүгү негиз­ги, эӊ жогорку чекити, кыры, кырынан негизи­не чейинки аралык анын бийиктиги, эки тол­кундун ортосу узундугу, ал эми толкундун узун­дугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (сек) өткөн аралык толкундун ылдамдыгы деп аталат. Деңиз толкундарынын көлөмү ар түрдүү: кээде анын бийиктиги 13–15 м, деӊиз титирегенде 50 м, таралыш ыл­дамдыгы 14–15 м/секга, узундугу 400 мге чейин же­тет. Таасир эткен күчтөргө карата толкундар ша­мал, ташкын, сейсмдик, басымдык деңиз толкундары; ээле­ген абалына карай үстүнкү жана тереӊдиктеги деңиз толкундары; толкун узундугунун деӊиздин тереӊдиги­не болгон катышы боюнча узун жана кыска деңиз толкундары; таасир эткен салыштырма күчтөргө жараша ар­гасыз жана эркин деңиз толкундарына бөлүнөт. Формасы жана аянты боюнча туура жана туура эмес, умтулган жана ордунда турган деңиз толкундары болот. Толкундарды изил­дөө атайы куралдардын, приборлордун (море­граф ж. б.) жардамы менен кемеде, деӊиз жээкте­ринде жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө толкун­дардын кубатына негизделген электр станция­лары курулган. Дүйнөдө сейши, цунами өӊдүү күчтүү толкундар болот.