БОЛМУШ ЖАНА АӉСЕЗИМ
БОЛМУШ ЖАНА АӉСЕЗИМ – философиянын борбордук башкы категориялары. Болмуш (бытие) – конкреттүү мейкиндикте жана убакытта жашаган бир реалдуулукту белгилөө үчүн колдонулган философиялык термин. Марксизмдин дүйнө тааным теориясында Болмуш (материя, материализм) жана Аңсезим (идея, идеализм) философиялык акыл-ойдун дүйнөлүк өнүгүү негизинде жаткан эки карама-каршы багыттардын (материализм–идеализм) концепциялары катары мүнөздөлөт. Материализм окуусунда болмуштун (Б.) негизин материя түзөт десе, идеализм, тескерисинче, болмуштун негизи идея (абсолюттук идея, рух) деп эсептейт. Болмуш түшүнүгү метафизиканын өзгөчө бөлүгү – онтологиянын (болмуш тууралуу окуунун) иликтөө айдыӊы (предмети). Болмуш – бул жашоо, ал – бар чындык, болгон реалдуулук. “Б.” түшүнүгү байыркы коомдо адамдар өздөрүн курчап турган дүйнө жөнүндө э ӊ ж а л п ы к ө з к а р а ш түзүү аракеттеринен улам келип чыкканын болжолдошот. Философтор Болмуштун мазмунун субстанция (дүйнө башат, бардыктын башталмасы, түпмаӊыз) менен бир катарда карашкан. Тарыхта болмуш идеясын алгач байыркы грек ойчулу Парменид алып чыккан. Ал болмушту «субстанция» менен окшош, төп маанилеш катары караган. Анын ою боюнча болмуш гана бар. Жок нерсе (небытие) деген жок нерсе. Аны аӊдоого болбойт, андай жок нерсе тууралуу элестөө да мүмкүн эмес. Болмуш жаралбайт, жок да болбойт. Демокрит болмуштун негизин атомдор түзөт десе, Платон идеялар дүйнөсү анын чыныгы (реалдуу), түбөлүк, өзгөрбөс касиети жана сапаты деп атаган. Жаӊы заман мезгилинде бул олуттуу түшүнүк башкача өӊүттөн карала баштаган. И. Канттын болмуш менен түп маӊызды (субстанцияны) өз-өзүнчө бөлүп карашы, адамдын иш аракетиндеги таанымды жана практикалык чөйрөлөрдү маани-маӊызына дейре ажырымдоого алып келген. Г. Гегелдин ырастоосунда болмуш жана ойлоо (мышление) категориялары маӊызы боюнча бирдей, окшош. Ойлоо такыр жок нерседен (небытие) башталып, өзүнүн карама-каршысы – болмуш категориясына өтөт. 18–19кылымдардагы материализм болмуш менен материяны бирдей, төп деп эсептеген. 20–21-кылымдын философиясынын Э. Гуссерль, М. Шелер, Н. Гартман, М. Хайдеггер сыяктуу өкүлдөрү болмушту жаӊы өӊүттөн, субстанция түшүнүгүнөн ажыратып карай башташты (кара: Экзистенциализм). «Аӊ сезим» термини – философиянын башкы түшүнүгүнүн бири, метафизиканын жуп категориясынын (болмуш жана аӊ сезим) түгөйү. Классикалык мааниде «А.» адамдын субъективдүү тарабынын бардык жактарын (ишмердиги, эмоция, идеалдар, баалуулуктар, нормалар ж. б.) камтыйт, мына ушундай мазмунда караганда – ал идеалдуу дегенге жакын. Аӊдоо процессинде субъекттин аӊсезиминде объект гана чагылбастан, ошол нерсенин аӊдалып жатканы да кошо берилет. Тарыхтын түркүн-түрдүү циклдеринде А-дин ар аспекттеринин актуалдуулугу ар кандай болгон. 18–19-к-да А-ди иликтөөнүн мааниси негизинен билим менен теӊелген. Ал – А. менен мээнин, А. менен аӊсезимсиздиктин катышы тууралуу. Азыркы учурдагы философиянын көӊүлүнүн борборунда А-дин онтологиялык жактары – А. менен тилдин карым-катышы тууралуу проблемалар турат. М. Эдилова.