ДЕӉГЭЭЛ ӨЛЧӨГҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉГЭЭЛ ӨЛЧӨГҮЧ – деӊиз, көл, бассейн суу­сунун, жабык, ачык идиштеги, резервуардагы (казан, бак, ванна) суюктуктун деӊгээлин анык­тоочу прибор. Деңгээл өлчөгүчтүн көп түрү бар: сызыктуу (суюктуктун деӊгээли рейка менен өлчөнөт), кал­кыма, гидростатикалык (манометрдин принци­би боюнча); электрдик (контакттардын тийиши аркылуу); фотоэлектрдик (фотоэлементке түшүү­чү жарыкка негизделген), радиоактивдүү изотоп­тук (изотоптордун нурланышы боюнча), салмак­тык (суюктук куюлган идиштин салмагына жараша), иондоштурулган ж. б. Суюктук деӊгээлинин көрсөткүчтөрүн алыс аралыкка берүү­дө деңгээл өлчөгүч билдиргич же каттоочу курал менен жаб­дылат.