ДЕСНА
ДЕСНА – Россия менен Украина аймактары аркылуу аккан дарыя, Днепрдин сол куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 88,9 миӊ км2. Смола-Москва дөӊсөөсүнөн башталып, Канев суу сактагычына куят. Жогорку агымында жээгинин көбү жапыз жана саздуу, Брянск шаарынан төмөн карай оӊ жээги көтөрүӊкү. Сейм дарыясы куйгандан кийин дарыя көп салааларга бөлүнүп, нуктарды пайда кылат. Орточо чыгымы 360 м3/сек. Декабрдан майдын башына чейин тоӊот. Новгород-Северский шаарынан тартып үзгүлтүксүз кеме жүрөт. Боюнда Ельня, Жуковка, Трубчевск, Чернигов жана башка шаарлар жайгашкан.