ДЕМАРКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:25, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМАРКА́ЦИЯ (французча dtmarcation – чек коюу, ажыратуу) – чектеш мамлекеттердин ортосун­дагы келишимдин негизинде мамлекеттик чек аралар­ды аныктоо жана өзгөчө чек ара белгилери менен белгилөө. Демаркация иштерин жүргүзүүдө 1:50 000 же ири масштабдагы, калк сейрек жайгашкан бө­лүктөрүндө орто масштабдагы карталар колдо­нулат. Демаркациялык карталарда чек ара сызыгынын орду тагыраак берилип, чек ара чекити менен бирге чек ара белгилери, мамылардын орду, ошондой эле алардын геодезиялык ыкмалар аркылуу байланышты­рылып койгон жер бетиндеги туруктуу объекти­леринин орду да көрсөтүлөт. Туруктуу объекти­лер катары тоо чокулары, геодезиялык белгилер, коор­динаталары так аныкталган жерлер кабыл алы­нат. Кийинки мезгилдерде демаркациялык документтерге карталар менен бирге чек ара тилкесинин аэрокос­мостук сүрөтү да тиркелүүдө.

Э. Кадыров.