ДАРООТ-КОРГОН
ДАРООТ-КОРГОН – Кокон хандыгынын дооруна таандык чеп. 1821-жылы Чоӊ-Aлай өрөөнүндө Дароот-Коргон кыштагынын жанында курулган. «Дара» (дөре, дора, дере) түрк тилинде «татаал өткөөл» (ашуу) маанисиде колдонулуп, кийинчерээк ал фарси, лезгин, болгар ж.б. тилдерге өткөн. Азыр Орто Азиядан тышкары Кавказ, ошондой эле Иран жана Түркиянын топонимдеринде жолугат. Чоӊ-Aлай өрөөнүндөгү Дароот-Коргон чеби

тоолуу Алай аймагында хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон. Чарчы формада. Дубалынын бийиктиги 4 м. Түндүк тарабында гана жалгыз дарбазасы болгон. Чеп 1984-жылы тарыхчы Б. А. Дүйшеев тарабынан изилденген.