ДАККА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДА́ККА – Бангладеш Республикасынын борбор шаары (1971-жылдан). Дакка облусунун административдик борбору. Калкы 7,1 миллион (2007; шаар айланасы менен). Ган­га – Брахмапутра дарыяларынын дельтасындагы дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар. Нараянганж шаары менен агломерацияны түзөт (калкы 12,3 миллион). Аг­ломерациясында өлкөнүн негизги өнөр жайлары жайгашкан. Кебез кездеме, жут, дары-дармек, булгаары буюмдар, бут кийим, электр-техника,

Даккадагы Байтул-Мукаррам ме­чити.

электроника, тамак-аш (анын ичинде жемиш консерва­лары), металл иштетүү өнөр жай, муслин кездеме­син токуучу эски ишканасы иштейт. Бангла­деш ИА (1973), жут илим-изилдөө институту (1951), Бан­гладеш атом энергиясы боюнча комиссия (1973), Бенгалия академиясы (1972), эл аралык жана стратегия институту (1978), университет (1921), улуттук китепкана, Дакка музейи жана Балда музейи бар. Шаар катары биздин заманга чейин 1-кылымдан белгилүү. 1608– 1717-жылдан Бенгалиянын, 1947–71-жылдары Чыгыш Па­кистандын административдик борбору. Лаи-Багх чеби, Биби Пари мавзолейи (1684), Сат Гумбад мечити (1680), 17-кылымдын эстелиги болгон Чоӊ Рынок ж. б. сакталган. Даккага жакын тоют даярдоочу эӊ ири Саварда заводу иштейт. Жыл сайын китеп яр­маркасы өткөрүлүп турат.