БАЙТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 17 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТ (англ. bуtе – экилик белги 0 же 1) – ЭЭМде маалымат берүү, сактоо жана иштеп чы­гууда колдонулуучу 8 бит тен турган бирдик. Ал тамга, санарип же башка символду жана аларды компьютердик эсте адрестөөдө колдонулат. Байт информацияны өлчөөнүн эң кичине адрестелүүчү бирдиги болуп эсептелет. Бит – информацияны өлчөөнүн эң кичине бирдиги. Ал өз алдынча көп сандагы берилиштерди көрсөтө албайт, бирок 8 биттен турган топ аркылуу ар башка 256 комбинацияны түзүүгө болот. Мындай комбинациялар аркылуу компьютерде колдонулган ар бир тамга (белги-символ), атап айтканда ариптер (төмөнкү жана жогорку регистрде), санариптер (0дөн 9га чейин) ж. б. атайын символдор көрсөтүлөт.