БАЙЛАНЫШ ТАРМАГЫ
БАЙЛАНЫШ ТАРМАГЫ – маалыматты кабыл алуучу, таратуучу техикалык түзүлмөлөрдүн, абоненттик жаңы байланыш аба линиясынын тутуму. Колдонулган жабдыктын түрүнө жараша почта, радио байланыш, телефон, компьютер байланыш тармагы, ошондой эле зымдуу жана зымсыз болуп бөлүнөт. Кийинки кезде оптикалык байланыш системалары пайда болгон. Бул системалар оптобулалык кабелден жана оптоэлектрондук түзүлмөлөрдөн турат.