БАЙТИК ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 17 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТИК ЧОПО КЕНИ Чүй облусунун Сокулук районунда, Орок кыштагынан 500 м түштүк-чыгышта. Бозбөлтөк дөңсөөсүнүн түштүк-батыш капталын­да. 1954-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүр­гүзүлүп, запасы эсептелген. Кендин аймагын антропоген мезгилинин борпоң чөкмө тектери түзөт. Чопо катмары делювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон дөңсөөдө жайгашып, лёсс сымал күл бо­тодон турат. Боз, саргыч боз түстө. Тыгыз, чанда бирин-серин шагыл бүртүкчөлөрү, гипс линзалары кездешет. Калыңдыгы 0,8 – 21,0 м. Грану­лометриялык курамы: 0,005 мм – 9,6% ; 0,005 – 0,01 мм – 41,5%; 0,01 – 0,25 мм – 42,7%; 0,25 мм – 2,05%; 0,5 – 1,0 мм – 1,2%; 1,2 мм – 3,0%. Чоподон «75» жана «100» маркасындагы кирпич жасалат. Запасы А+В+С1 категориялары боюнча 5607 миң м3. Казылып алынууда.