БАЙОВАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 17 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙОВАР, С е ч у р а – Түштүк Америкадагы фос­фориттин ири кени. Перуда. Тынч океандын жээгине жакын Сечура чөлүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан. 1958-жылы ачылган, жер үстүнөн ачык казып алууга болот. Фосфориттин жалпы запасы 816 млн т, эсептелип бекитилгени 262 млн т2О5 – 12-30,5%). Фосфориттер миоцен мезги­линин деңиз чөкмө катмарлары менен байланыш­туу. Пайдалуу катмар диатомит, акиташтеги жана кумдуу чополордон түзүлгөн. Калыңдыгы 40 кмге жетип, 12 м тереңдикке чейин уланат. Негизги кенташ участкасынын аянты 48 км 2дей.