БАЙМУНДУЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 17 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙМУНДУЗ, И н т е р н а ц и о н а л – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3981 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб, мечит, мончо ж. б. бар.