БАЙМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:49, 17 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙМАК – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районун­дагы кыштак. Т. Балтагулов айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Касансай суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Ала-Бука кыштагынан 15 км түштүк тарапта. Наманган темир жол бекетинен (Өзбекстан) 53 км. Калкы 2694 (2022); негизинен дыйканчылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, балдар санаторийи (1985-жылы ачылган), тегирмен, майжуваз цехи бар.