БАЙЛАНЫШ СПУТНИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:30, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ СПУТНИГИ – Жердин жасалма жандоочусу. Электр-магнит талаасынын таралышы аркылуу телефондук байланышты, теле берүүлөрдү жана ар кандай маалыматтарды бүткүл дүйнөгө таратууну камсыз кылат. Электр-магнит талаасынын микротолкундар арымында (диапазонунда) аябагандай көп маалыматтарды берүүгө болот. Тилекке каршы, микротол­кундарды катуу нерселер сиңирип алгандыктан, толкун бергич менен толкун кабылдагыч бири бирине түз радио байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн байланыш спутниги түзөт. Бир нече спутниктин (үчтөн кем эмес) жардамы менен байланышты глобалдык масштаб­да камсыз кылууга болот. Алгачкы байланыш спутниги 1952-жылы сигналдарды күчөтүү үчүн күн энергиясын кол­донуу менен Америкадан Европага телекөрсөтүү­нү жүргүзгөн. Спутник жерди бир айланып чыкканда жердеги станциялардын антеннасы 20 мин гана «көргөндүктөн», телеберүүнүн убак­тысы да ошончо болгон. 1963-жылдан баштап кубаттуу ракеталар курулгандан кийин байланыш спутниги гео­стационардуу орбиталарга чыгарыла баштайт. Азыркы учурда жер үстүндө он миңдеген телефон байланыштарын камсыз кылуучу, радио жана теле берүүлөрдү трансляциялоочу «Молния- 1, -2, -3», «Интелсат-3, -4» (АКШ) сыяктуу көп­төгөн байланыш спутниктери учуп жүрөт.