БАЙЛАНЫШ КАБЕЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 16 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ КАБЕЛИ – сигналдарды электр же оптикалык түрдө өткөрүүчү зым. Ал аркылуу телеграмма жана фототелеграмма, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр, теле кабар, статистикалык маалымат, теле механикалык системанын сигналдары берилет. Байланыш кабели симметриялуу жана коаксиал­дуу конструкцияда; берилүүчү жыштык спект­ри боюнча - төмөнкү (10 кГц тен кичине) жана жогорку (10 кГц тен чоң) жыштыктагы; колдонуу тармагына жараша - алыскы (шаар аралык) жана жергиликтүү кабель болуп, асма, жер жана суу астына орнотулат. Линиянын ток өткөрүүчү бөлү­гүнүн диаметри 0,3–1,6 мм жез зымдан жаса­лып, изоляцияланган зымдары экиден (бир тиз­мек) жана төрттөн (эки тизмек) чыйратылат. Симметриялуу байланыш кабелиндеги түгөйлөш зымдын саны 1–3600гө (тажрыйбалык керме 4800гө), коак­сиалдуу байланыш кайбелинде 2–20га жетип, түгөйлөш ар бир керме боюнча 3600гө жакын телефондук сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.