БАЙЛАНЫШ
БАЙЛАНЫШ ф и л о с о ф и я д а – мейкиндикте жана мезгилде бөлүнүп жашаган көрүнүшгөрдүн өз ара шартташы. Адамдын таанып-билүүсү нерселерге тикеден-тике тиешелүү болгон туруктуу байланыштарды ачып көрсөтүүдөн башталат. Ал эми илимдин негизи анын себеп, натыйжаларын талдоодон башталат, ал аркылуу мыйзам ченемдүүлүктөрдү таап берүүгө мүмкүн болот. Таанып-билүүнүн тарыхында нерселердин жана көрүнүштөрдүн өз ара жалпы байланыш принциби диалектиканын негизги жоболорунун биринен, бирок 20-кылымга чейин талкуунун негизги өзөгү өз алдынча байланыш түшүнүгү же анын логикалык түзүлүшү тууралуу эмес, дал ошол өз ара жалпы байланыш принциби катарында болуп келген. Илим ички жана тышкы көрүнүш, зарылчылык жана кокустук, негизги жана негизги эмес деген өңдүү анын тар чөйрөсү менен иш жүргүзүп келген. 19–20-кылымдарда коомдук, табигый илимдердин өнүгүшү менен катар түшүнүк бир кыйла кеңейди.
Б. Солтонбеков, Ж. К. Асанов.