БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ
БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ – тоотек катмарларынын рифейден кембрийдин башталышына чейинки мезгилде бүктөлүүгө дуушарланган тоолуу аймак. 1932-жылы орус геологу Н. С. Шатский алгач бөлгөн; кийин Байкал бүктөлүүсүнүн башкы фазасы (учуру) венддин башталышынан кембрийге чейинки (350–650 млн) мезгил катары такталган. Байкалиддер Орус платформасын түндүгүндө Тиманга чейин жээктеп, Сибирь платформасында – Турухан зонасын, Енисей токол тоосун жана Чыгыш Саянды, Байкал тоолуу облусун курчап өнүгөт. Алар Индстанда, Араб жарым аралында, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышта, Батыш Европада, альп структураларынын пайдубалдары көтөрүлгөн жерлерде, герциниддердин ичиндеги ортоңку массивдер катары таралат.