ГИДРОФИЗИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОФИ́ЗИКА (гидро… ж-а физика) – Жердин жалаӊ суудан туруучу бөлүгү – гидросферадагы физикалык процесстерди изилдөөчү илим; геофизиканын бир бөлүмү. Ал суунун суюк, катуу, газ абалындагы молекулаларынын түзүлүшүн; суунун, кардын, муздун түрдүү физикалык касиеттерин; көлмө суулардагы динамикалык, термиялык процесстерди, суунун, кардын ж-а муздун катмарларында жарыктын таралышын, сиӊишин, чачырашын изилдейт. Гидрофизика деӊиздердеги ж-а кургактыктагы суунун физикасы болуп бөлүнөт. Д е ӊ и з ф и з и к а с ы океан м-н деӊиздин термиясын, акустикасын, оптикасын, агымынын динамикасын, толкунун, ал эми к у р г а к т ы к т а г ы с у у н у н ф и з и к а с ы өзөндө, көлдө, суу сактагычта, жер астындагы сууларда болуучу физикалык процесстерди изилдейт.