БУЛБУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛБУЛ (Luscinia) –куштардын таркылдак сымалдар тукумунун уруусу. Узундугу 20 см. Кадимки булбул жана түштүк булбулу деген 2 түрү бар. Келгин куш, көбүнчө суу жээгиндеги бадалдуу токойлордо, камыштуу саздарда, арчалуу, бадалдуу жерлерде жашайт. Курт-кумурска, чымын-чиркейдин личинкаларын жейт. Түштүк булбулу Кыргызстанга да келип уялайт, уясын жерге же дүмүргө салат, 4–5 жумуртка тууйт. Апрель – май айларында келет да,

сентябрь – октябрда жылуу жактарга учуп кетет. Эркеги кубулжутуп сайрайт.