ГЫДАН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЫДА́Н ЖАРЫМ АРАЛЫ , Г ы д а – Батыш Сибирь түздүгүнүн түндүгүндө, Таз жана Обь колтуктары (батышта) менен Кара (Карск) деӊизиндеги Енисей булуӊунун (чыгышта) аралыгында. Узундугу 400 кмдей, туурасы 400 км. Жери – дөӊсөөлүү түздүк. Климаты катаал; январдын орточо температурасы –26°С... –30°С, июлдуку 4төн 11°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 200–300 мм. Мамык чөп-эӊилчектүү жана бадалдуу тундра, түштүгүнө токойлуу тундра ландшафттары мүнөздүү. Бугу асыралат, аӊчылык, балык уулоо өнүккөн. Табигый газ кени бар.