ГРЕНАДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:57, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕНА́ДА – Кариб деӊизинин алабындагы Гренада аралы менен бирге Түштүк Гренадина архипелагы жана Кичи Антил аралдар тобунда жайгашкан мамлекет. Түштүгүнөн Тринидад жана Тобаго, Венесуэла, түндүгүнөн Сент-Винсент жана Гренадина,

түндүк-батышынан Барбадос менен деӊиз аркылуу чектешет. Кариб деӊизи жана Атлантика океаны чулгап турат. Аянты 344 км2 (Гренада аралыныкы 311 км2). Калкы 114,6 миӊ (2022). Борбору – Сент-Жоржес шаары. Мамлекеттик тили – англис тили. Административдик-аймактык жактан 7 районго бөлүнөт. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Гренада БУУнун (1974), Америка мамлекеттери уюмунун (1975), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1975), Кариб шериктештигинин мүчөсү. Гренада – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1984-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Улуу Британиянын королевасы (анын жергиликтүү өкүлү – генерал-губернатор). Аткаруу бийлигин премьер-

Гренада аралынын түштүк-батыш жээги.

министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы жана Сенат). Саясий партиялары: Улуттук демократиялык конгресс, Гренаданын Бириккен лейбористтик партиясы, Улуттук партия, М. Бишоп атындагы патриоттук кыймыл. Гренаданын аймагы дээрлик субэкватордук алкакта. Жанар тоо аралдарында жайгашкандыктан, рельефи тоолуу. Гренада аралынын борбордук бөлүгүн токой каптаган тоо массиви ээлеп турат. Климаты деӊиздик-субэкватордук. Жылдык орточо температурасы 26°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1960 мм. Жаанчыл мезгил май айынан баштап октябрга чейин. Июлдан октябрга чейин катуу шамалдар (ураган) болот. Нымдуу тропик токойлуу. Калкынын улуттук курамы: негрлер – 82%, мулаттар – 13%, европалыктар м-н индейлер 5%. Калкынын көбү христиандар (католиктер – 64%, протестанттар – 22%). Шаар калкы 32%. Эмгекке жарамдуу калктын көбү тейлөө кызматында иштейт. Калкынан орточо жыштыгы 1 км2 жерге 260 киши. Ири шаарлары: Сент-Жоржес, Маркус ж. б. Байыркы мезгилдерде Гренаданын аймагын индей уруулары мекендеген. Гренада 1498-жылы Христофор Колумб тарабынан ачылган. 1650-жылдан европалыктар келип отурукташа баштаган. 1665-жылы Гренаданын аймагын француздар колонияга айландырышкан. 1762-жылдан Гренада Франция менен Улуу Британиянын ортосунда талашка түшкөн. 1783-жылдары Версаль макулдашуусу боюнча Британияга өткөн. 17–18-кылымдарда Гренадага Африкадан кулдар алып келинип, алар кофе плантацияларында иштешкен. 1838-жылы кулчулук расмий түрдө жоюлган. 1958–62-жылдары Гренада Вест-Индия федерациясынын курамында, 1967-жылы Гренада «Улуу Британия менен ассоциацияланган мамлекет» деп жарыяланган. 1974-жылы 7-февралда Гренада көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1979-жылы өлкөдөгү мамлекеттик

төӊкөрүштүн натыйжасында М. Бишоп жетектеген социалисттик өкмөт бийликке келип, Куба ж. б. социалисттик мамлекеттер менен кызматташкан. 1970-жылдын аягында – 1980-жылдын башында Гренадага АКШ тарабынан саясий жана экономикалык бойкот жарыяланган. 1983-жылы Бишоптун өкмөтү кулатылып, өзү өлтүрүлгөн соң, Чыгыш-Кариб мамлекеттеринин колдоосу менен АКШ Гренадага кол салган. Бишоптун жакын саясатчылары камакка алынган жана кубалык. жумушчулар мекенине жөнөтүлгөн. 1984-жылы декабрда Гренадада шайлоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен Жаңы Улуттук партиянын лидери Г. О. Блей­з башында турган өкмөт түзүлгөн. 1985-жылы чет өлкөлүк аскерлер Гренада аймагынан чыгарылган. Кийинки шайлоолордо (1990, 1995, 1999, 2003) Жаңы улуттук партия жана Улуттук демократиялык конгресс шайлоочулардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болуп, 1995-жылдан Гренаданын өкмөтүн К. К. Митчелл башкарып келет. Гренада – чет элдик туризм өнүккөн агрардык өлкө. Офшордук зона. Ички дүң продукциянын көлөмү 1,2 млрд долларды (АКШ) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 11,2 миң доллардан туура келет. ИДПде айыл чарбанын үлүшү 11,9%; өнөр жайыныкы 6,4%. Гренада дүйнөдө мускат жаӊгагын өндүрүү боюнча 2-орунда турат. Мындан тышкары банан, какао-буурчак, цитрус өсүмдүктөрүн өстүрөт. Жыгач даярдоосу жакшы өнүккөнү менен өнөр жайы начар өнүккөн (кайра иштетүү, тамак-аш, текстиль тармагы иштейт). 1993-жылы 65 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Сыртка мускат жаӊгагын, какао, буурчак чыгарат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина жана анын жабдууларын, минералдык жер семирткич, кийим-кечек алат. Туризм – өлкөнүн киреше табуусунун негизги булагы. Негизги соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Тринидад жана Тобаго. Темир жол түйүнү жок, автомобиль жолу – 1000 км (анын ичинен 638 кми асфальтталган). Эл аралык аэропорту бар. Негизги порту – Сент-Жоржес. Аралда Вест-Индия университетинин факультети ачылган. Аз нускалуу бир нече гезит чыгат. Мамлекеттик радио жана телестанциялар (1986) иштейт.