ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ – жер бетиндеги аймактардын гидрогеологиялык картасын түзүү жана жалпы гидрогеологиялык шарттарын аныктоo үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы. Гидрогеологиялык карта түзүүдө топографиялык же геологиялык карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү, саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр жана башкалардын карталары, кесиндилери түшүрүлүп, суунун дебити, курамы ж. б. аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо жана геофизикалык иштер да жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык карта түзүүнүн негизги максаты – суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын жана жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын химиялык курамын аныктоо. Карталар кичи масштабдагы (1:1 000 000 – 1:500 000), орто масштабдагы (1:200 000 – 1:100 000) жана ири масштабдагы (1:50 000 – 1:25 000 жана андан да чоӊ) болуп бөлүнөт. Азыркы учурда гидрогеологиялык карта түзүү комплекстүү түрдө (геологиялык-геоморфологиялык, инженердик-геологиялык ж. б.) жүргүзүлөт.


К. А. Кожобаев.