ГЕОЭКОСИСТЕМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:04, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОЭКОСИСТЕ́МА – өзүнө катуу, суюк, газ фазаларын жана тирүү затты камтыган табигый геологиялык объектилердин жана аларды курчаган чөйрөнүн жыйындысы. Жердин өнүгүү тарыхында геоэкосистема көптөгөн космостук, эндогендик, экзогендик факторлорго, ошондой эле түрдүү талаалар (магнит, электр, жылуулук ж. б.) байланыштуу болот. Булардын бирдиктүү таасиринен Жер шарында негизинен эволюциялык өзгөрүүгө дуушарланган салыштырмалуу стационардык абал түзүлүп, алаамат энергия булактары жана заттар пайда болууда. Алардын ичинен негизгилери табигый суусу жана анда эриген химиялык элементтер болуп эсептелинет.
М. Толоев.