ГЕОТЕХНОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОТЕХНОЛО́ГИЯ – кенди жаткан жеринен эле иштетүүнүн химиялык, физика-химиялык, биохимиялык жана микробиологиялык ыкмалары. Көмүрдү жер астында газга айландыруу, күкүрт эритип алуу, жер астындагы ысык суулардан минерал заттарды бөлүп алуу, нефтини жылуулук аркылуу чыгаруу ж. б. ыкмалар геотехнологияга мисал боло алат. Дүйнөдө казып алынуучу күкүрттүн 2/3ге жакыны жер астындагы кен чыккан жердин өзүндө өтө ысык суу менен эритип алынат. Ушул ыкма менен алынган күкүрттүн сапаты да жогору (99,99%) болот. Өзүлөрү 80–90°Сде эрий турган асфальт, бура, озокерит ж. б. минералдарды да ушул ыкма менен алууга болот. Калий тузу жаткан жеринде эритилип, сордурулуп чыгарылган эритме буулантуу аркылуу алынат. Геотехнология запасы анчалык көп болбогон кенташтарды казып алууга, чачыранды элементтерди алууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.