ГЕОСИНКЛИНАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОСИНКЛИНА́ЛЬ (гео... жана синклиналь) – жер кыртышынын тынымсыз кыймыл-аракетте турган ири бөлүгү; жер кыртышынын платформага карама-каршы турган негизги структурасы; азыркы учурдагы тектониканын негизги түшүнүктөрүнүн бири. Геосинклиналдын жаралышы, өнүгүшү жер кыртышынын тереӊ катмарлары менен үстүнкү мантиянын өнүгүүсүнө жана тектоникалык тереӊ жаракаларга тыгыз байланыштуу. Геосинклиналдын узуну жүздөгөн км, эни андан куушураак келип, адатта тектоникалык ири тереӊ жаракалар менен чектелет. Геосинклиналда чөкмө тоо тектердин калыӊ (15–25 км) катмарлары жатат. Адегенде жер кыртышы төмөн чөгүп, кийин ал аймак көтөрүлөт да, магматизм жана метаморфизм процесстери күчөп, тоо тек катмарлары бүктөлүүлөргө учурайт. Натыйжада, тоо системалары (орогенден) пайда болот. Бир нече геосинклиналдык циклден турган, байыркы платформалар менен чектеш жер кыртышынын геосинклиналдуу ири бөлүгү – геосинклиналь к ы р ч о о с у жаралат. Жер шарында 5 (Тынч океан, Жер Ортолук деӊиздик, Урал-Монгол-Охота, Атлантика, Арктика) геосинклиналь кырчоосу бар. Структуралык планы жана негизги бүктөлүүлөрүнүн жашы менен айырмаланып турган геосинклиналдуу жерлерде геосинклиналдык а й м а к (облус) бөлүнөт. Геосинклиналдык аймактын ичинде кыймыл-аракети күчөп турган зона геосинклиналдык с и с т е м а, тынчыраак абалдагысы о р т о н к у м а с с и в деп аталат. «Геосинклиналь» терминин алгачкы жолу (1873) америкалык геолог Ж. Дана киргизген, бирок анын илимий түшүнүгүн биринчи жолу (1859) шотландиялык геолог Ж. Холл берген. Франциялык геолог Э. Ог (1900) геосинклиналды платформага каршы түшүнүк катары карап, анын ички түзүлүшү өтө татаал экенин көрсөткөн. Геосинклиналдын өнүгүүсүнүн негизги баскычтарын немис геологу Э. Краус белгилеген. Америкалык геолог Ч. Шухерт геосинклиналдардын алгачкы жиктелишин (классификациясын) сунуш кылган, ал эми анын жердеши А. Грэбо алардын миграциясы жөнүндөгү идеяны айткан. Немис геологу Х. Штилле геосинклиналдардын өнүгүшү менен магмалык процесстердин ортосунда закон ченемдүү байланыштар бар экенин ачып, геосинклиналдарды эвгеосинклиналь менен миогеосинклиналга ажыраткан. 20-кылымдын 30-жылдарынан геосинклиналды изилдөөгө советтик геологдор да активдүү киришет. Алгачкы ирет (1901) Ф. Ю. Левинсон-Лессинг жана К. Богданович тарабынан ишке ашырылган. А. Д. Архангельский (1933) геосинклиналдын аймак (облус) түшүнүгүн киргизген. В. В. Белоусов (1938–40) Кавказ тоолорун изилдөөдөнгеосинклиналдын өнүгүшүнүн кээ бир жалпы белгилерин (өзгөчөлүктөрүн) ачкан. А. В. Пейве (1945) Теӊир-Тоо, Урал ж. б. геосинклиналдуу аймактарды изилдеп, геосинклиналдардын пайда болушуна жана эволюциясында негизги роль ойногон тектоникалык тepeӊ жаракалар жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Н. С. Шатский (1947) геосинклиналдык жана платформалык аймактар Жер мантиясынын тереӊ бөлүктөрүнүн түзүлүшү жана алардын физикалык абалы менен тыгыз байланыштуу экенин аныктап, геосинклиналдарды өнүгүү тарыхы менен өзгөчөлөнгөн геосинклиналдык системаларга топтосо болорун көрсөткөн. М. В. Муратов менен В. Е. Хаин геосинклиналдык структуралардын жиктелишин (классификациясын) түзүп, геосинклиналдын өнүгүү стадияларын такташкан. Кийинки кездерде геосинклиналга байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда aмepикалык геологдop Ж. М. Кей, Ж. Обуэн ж. б. зор салым кошту. Геосинклиналды жер кыртышынын ийилген бөлүгү деп гана эсептеген алгачкы түшүнүк акырындап геосинклиналь жөнүндөгү окууга (геосинклиналь теориясына) айланды. Бул окуу – жер кыртышынын эволюциясы жөнүндөгү илимдин негизи.


Ад.: Хаин В. Е., Шейманн Ю. М. Сто лет учения о геосинклиналях//Советская геология. 1960, 4; Пейве А. В. и др. Океаны и геосинклинальный процесс//Докл. АН СССР. Т. 196, 1971, 3; Дьюи Дж., Берд Дж. Тектоника плит и геосинклинали// Новая глобальная тектоника. М., 1974. Хомузури Г. П. Развитие понятия «геосинклиналь». М., 1976.