ГАВАЙИ АНТИЦИКЛОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 28 Август (Баш оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВА́ЙИ АНТИЦИКЛОНУ, Т ү н д ү к Т ы н ч о к е а н а н т и ц и к л о н у – Түндүк Жарым шардын субтропик жана тропик алкактарында (Тынч океандын үстүндө), Гавайи аралы тушта пайда болгон атмосфералык жогорку басымдуу облус. Жыл бою байкалат; жай мезгилинде жогорку кеӊдиктерге чейин жетиши мүмкүн. Гавайи антициклону анын экватордук жак чет-жакасы менен соккон Тынч океандын түндүк-чыгыш пассатынын, ал эми жайында Гавайи антициклонунун батыш бөлүгүнүн, океандан Азиянын чет-жакасына согуп турган түштүк-чыгыш муссондун пайда болушуна таасирин тийгизет.