ВЕГЕТАЦИЯ ОРГАНДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 21 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕГЕТА́ЦИЯ ОРГАНДАРЫ – өсүмдүктөрдүн тиричилигин камсыз кылуучу (азыктануу, сырткы чөйрө менен зат алмашуу) дене бөлүктөрү. Алар спора пайда кылууга жана жыныстык көбөйүүгө түздөн-түз катышпайт, бирок вегетациялык көбөйүү кызматын аткарат. Вегетация органдары эволюциянын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн суудан кургактыкка чыгып, алардын татаалданышынан, абаны жана жер кыртышын өздөштүрүүсүнөн пайда болгон. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн вегетация денеси (таллому) органдарга бөлүнбөйт. Ал клеткалардан тизилген жипче (жип сымал балырлар, козу карындардын мицелийи) ж-а жалпак же тоголок колония түрүндө болот. Татаал түзүлүштүү өсмдүктөрдүн негизги вегетация органдары – тамыр, сабак, жалбырак. Тамыры жер кыртышына бекип, суу ж-а анда эриген минерал туздарды алат. Сабак азык заттарды өткөрүп, жалбырак м-н тамырды байланыштырып турат. Жалбыракта фотосинтез, газ алмашуу ж-а транспирация процесстери жүрөт. Вегетация органдарынын тышкы ж-а ички түзүлүшү, алардын аткарган функциясына ылайыктанган. Репродукция органдарына салыштыр.
К. Т. Шалпыков