БӨГӨТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨГӨТ , б ө г ө л м ө, б а й л а м т а – көчкүнүн жана тектоникалык кыймылдардын натыйжасында капчыгайлардын, өрөөндөрдүн бөгөлүп калышы. Мындай процесстерден бөгөт көлдөр пайда болот. Кыргызстандагы Сары-Челек, Көл-Төр (Кегетиде), Жашыл-Көл (Чоӊ Кеминде), Ак-Көл (Жумгалда) ж. б. көлдөр бөгөт көлдөргө кирет.