ЛАД: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ЛАД''' (латынча modus) – 1. музыкалык добуштардан эң туруктуу, эң таянычтуу добуш – тониканын айланасында добуштун топтоштурулушу, алардын өз ара байланыш системасы. Лад баскычтарынын катары менен добуштардын жайгашуусу гамманы түзөт. Лад туруктуу жана туруксуз добуштарга бөлүнөт. Лад туруктуу добуштарында чыгарма жана музыкада ой бүтөт. Тоника ладдын музыкадагы ролу мажордук (кара: Maжор) жана минордук (кара: Минор) ладдарга байланышкан. Мажордук ладдын туруктуу добуштарын мажордук үч үндүк, минордукунан болсо минордук үч үндүк түзөт. Ладдык секундалар катары менен чоң-чоң, кичинe, чоң, чоң, чоң жана кичине болуп жайланышса, андай гамма натуралдык мажор делет. Ал ладдын секундалары катары чоң 2, кичине 2, чоң 2, чоң 2, кичине 2, чоң 2 жана чоң 2 болуп жайланышса, андай гамманы натуралык минор дейбиз, Музыкада мына ушундай бир нече лад системасы бар. Ар бир элдин музыкалык маданиятында ладдын жалпы окшоштук касиеттери да, жекече колорити жана улуттук өзгөчөлүгү да болот. Кыргыз музыкасында диатоникалык, пентатоникалык лад системасы кездешет.           2. Кылдуу чертме музыкалык аспаптардын моюндарына туурасынан тагылган белгилүү бийиктеги үндөрдү чыгаруучу орунду көрсөтүүчү металл зымдар, кылдар.
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">ЛАД - </strong>1) түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу, туруксуз добуш баскычтары­нын туруктуу бир добуш баскычтарга умтулуу­су. Л-дын добуштары мындан тышкары консо­нанстык үндөштүккө ж-а негизги добуш баскы­чында түзүлгөн үч үндүүлүккө тартылат. Л-дагы биринчи баскычта түзүлгөн үндөштүктүн негиз­ги добушу тоника, калган экөө - терция, квин­та деп аталат. Л. добуштары баскычтар деп ата­лат ж-а рим сандары менен тоникадан жогору карай белгиленет. Л. баскычтарынан түзүлгөн добуш катары <em>гамма реп.</em> аталат. Л. тоникасы анын тоналдуулугун аныктайт (мис., мажор Л-ында тоника до болсо, анда ал до мажор бо­лот). Л. жети негизги баскычтан ж-а алардын бийиктетилген, төмөндөтүлгөн түрлөрүнөн тү­зүлсө, ал диатоникалык Л. болот, ал эми Л-дын жети баскычынын арасындагы жарым тондор­ду кошуу м-н 12 баскычты камтып түзүлсө, ал хроматикалык Л. болуп эсептелет. Л. мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизинде муз. чыгармалар жа­ралат, гармониядагы добуштардын байланышы­на шарт түзөт; 2) кылдуу чертме муз. аспаптар­дын мойнунан орун алган бөлүнүүлөр - бере­нелер да Л-дар деп аталат.</p><p>Ад.: <em>Тюлин Ю. Н.</em> Натуральные и альтерационные лады. М., 1971.</p>
[[Категория:Жаңы макалалар]]

16:33, 27 Август (Баш оона) 2026 -деги абалы

ЛАД - 1) түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу, туруксуз добуш баскычтары­нын туруктуу бир добуш баскычтарга умтулуу­су. Л-дын добуштары мындан тышкары консо­нанстык үндөштүккө ж-а негизги добуш баскы­чында түзүлгөн үч үндүүлүккө тартылат. Л-дагы биринчи баскычта түзүлгөн үндөштүктүн негиз­ги добушу тоника, калган экөө - терция, квин­та деп аталат. Л. добуштары баскычтар деп ата­лат ж-а рим сандары менен тоникадан жогору карай белгиленет. Л. баскычтарынан түзүлгөн добуш катары гамма реп. аталат. Л. тоникасы анын тоналдуулугун аныктайт (мис., мажор Л-ында тоника до болсо, анда ал до мажор бо­лот). Л. жети негизги баскычтан ж-а алардын бийиктетилген, төмөндөтүлгөн түрлөрүнөн тү­зүлсө, ал диатоникалык Л. болот, ал эми Л-дын жети баскычынын арасындагы жарым тондор­ду кошуу м-н 12 баскычты камтып түзүлсө, ал хроматикалык Л. болуп эсептелет. Л. мыйзам ченемдүүлүгүнүн негизинде муз. чыгармалар жа­ралат, гармониядагы добуштардын байланышы­на шарт түзөт; 2) кылдуу чертме муз. аспаптар­дын мойнунан орун алган бөлүнүүлөр - бере­нелер да Л-дар деп аталат.

Ад.: Тюлин Ю. Н. Натуральные и альтерационные лады. М., 1971.