БАРСКАН чоң балка: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
(Айырма жок)

05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРСКАН – темирчилик устаканасында колдонулуучу чоӊ балка. Темирден төрт чарчы көлөмдө жасалып, жыгач сап сапталат. Элибизде «Балкачынын миӊ урганы – барсканчынын бир урганы» деп айтылгандай, Б. устачылыкта темирди ийге ылдам келтире алгандыгы м-н балкадан айырмаланат.