КОРИОЛИС КҮЧҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРИОЛИ́С КҮЧҮ</b> – <i>инерция күчтөрүнүн</i> бири. | <b type='title'>КОРИОЛИ́С КҮЧҮ</b> – <i>инерция күчтөрүнүн</i> бири. Кыймылдуу системанын айлануусунун матери­алдык чекиттин <i>салыштырмалуу кыймылына</i> тийгизген таасирин эсептөө үчүн киргизилген. Франциялык окумуштуу Г. Кориолистин ысымынан атал­ган. Кориолис күчү чекиттин массасы м-н Кориолис ыл­дамдануусунун көбөйтүндүсүнө барабар ж-а бул ылдамданууга карама-каршы багытталган: <i>F</i> = 2<i>m</i>[S, w ] ... Жер бетинде кыймылдаган нер­селерге да кориолис күчү таасир этет. Кориолис күчү эркин түшкөн нерсени чыгышты көздөй четтетет (түртөт). Бул четтөө кеңдикке жараша: уюлдарда нөлгө, ал эми экватордо эң чоң мааниге ээ. Кориолис күчүнө негиз­делген маятникти 1851-жылы франциялык физик Фуко жа­саган. Бул маятник Жердин өз огунда ай­лануусун далилдөөгө жардам берет. Меридиан боюнча түндүктү көздөй кыймылдаган нерсени кориолис күчү Түндүк жарым шарда оңго, ал эми Түштүк жарым шарда солго түртөт. Кориолис күчү кыймылдагы само­лётко, снарядга, шамалга, суу агымына да таа­сирин тийгизет. Мисалы, Түндүк жарым шарда дарыя­нын оң, ал эми Түштүк жарым шарда сол жээги тез жешилет. Экватор боюнча чыгышты көздөй кыймылдаган нерсени кориолис күчү өйдө көтөрөт, ал эми батышка баратканды ылдый басат. Техни­када гироскоп, турбина ж. б. айлануучу систе­маларда кориолис күчү сөзсүз эске алынат. | ||
Кыймылдуу системанын айлануусунун матери­алдык чекиттин <i>салыштырмалуу кыймылына</i> тийгизген таасирин эсептөө үчүн киргизилген. | |||
<i>F</i> = 2<i>m</i>[S, w ] ... Жер бетинде кыймылдаган нер­селерге да | |||
четтөө кеңдикке жараша: уюлдарда нөлгө, ал | |||
эми экватордо эң чоң мааниге ээ. | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
07:46, 28 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРИОЛИ́С КҮЧҮ – инерция күчтөрүнүн бири. Кыймылдуу системанын айлануусунун материалдык чекиттин салыштырмалуу кыймылына тийгизген таасирин эсептөө үчүн киргизилген. Франциялык окумуштуу Г. Кориолистин ысымынан аталган. Кориолис күчү чекиттин массасы м-н Кориолис ылдамдануусунун көбөйтүндүсүнө барабар ж-а бул ылдамданууга карама-каршы багытталган: F = 2m[S, w ] ... Жер бетинде кыймылдаган нерселерге да кориолис күчү таасир этет. Кориолис күчү эркин түшкөн нерсени чыгышты көздөй четтетет (түртөт). Бул четтөө кеңдикке жараша: уюлдарда нөлгө, ал эми экватордо эң чоң мааниге ээ. Кориолис күчүнө негизделген маятникти 1851-жылы франциялык физик Фуко жасаган. Бул маятник Жердин өз огунда айлануусун далилдөөгө жардам берет. Меридиан боюнча түндүктү көздөй кыймылдаган нерсени кориолис күчү Түндүк жарым шарда оңго, ал эми Түштүк жарым шарда солго түртөт. Кориолис күчү кыймылдагы самолётко, снарядга, шамалга, суу агымына да таасирин тийгизет. Мисалы, Түндүк жарым шарда дарыянын оң, ал эми Түштүк жарым шарда сол жээги тез жешилет. Экватор боюнча чыгышты көздөй кыймылдаган нерсени кориолис күчү өйдө көтөрөт, ал эми батышка баратканды ылдый басат. Техникада гироскоп, турбина ж. б. айлануучу системаларда кориолис күчү сөзсүз эске алынат.