ИШИМОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИШИМОВ</b> | <b type='title'>ИШИМОВ</b> Бексултан Бекмолдоевич [10. 08. 1947, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], [[Жалал-Абад облусу]], [[Таш-Көмүр]] (азыркы [[Аксы]]) району, [[Чарбак айылы]]] – милициянын генерал­-лейтенанты (1997); юридика илимдеринин доктору (2002), профессор (2001). Европа | ||
[[File:ИШИМОВ21.png | thumb | none]] | [[File:ИШИМОВ21.png | thumb | none]] | ||
укук академиясынын мүчөсү (Будапешт, 1999), Россия коргонуу, коопсуздук | укук академиясынын мүчөсү (Будапешт, 1999), Россия коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча академиясынын акаде­миги (2002), [[Казакстан Республикасы]]нын ИИМ академиясынын профессору (2002). Кыргыз Мамлекеттик Дене Тарбия иститутун (1969), СССР Ички Иштер министрлигинин Кара­ганды жогорку мектебин (1980), КПСС БКнын Коом­дук Илимдер академиясынын аспирантурасын (1986), [[АКШ]]нын Остин шаарындагы университеттин (1996), Аскер-аба күчтөрүнүн борборунун атайын курсун (1998, Флорида штаты) бүтүргөн. 1971–1972-жылдарда Кыргыз ССР ИИМдин эмгек-түзөтүү колониясында от­ряд начальниги, 1972–1978-жылдарда инспектору, партко­мунун секретары, 1978–1988-жылдарда Кыргызстан КП БКда административдик органдар бөлүмүнүн инспектору, 1980– 1983-жылдарда Кыргызстан КП [[Талас]] обкомунун административдик орган­дар бөлүмүнүн башчысы, 1988–1989-жылдарда Кыргыз ССР ИИМде министрдин орун басары, 1989–1990-жылддарда Кыргызстан КП БКда мамлекеттик укук бөлүмүнүн башчы­сы, 1990–1995-жылдарда [[СССР Жогорку Совети]]нин Республика­лар Советинин мүчөсү, КМШнын парламент ара­лык комиссиясынын коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, [[Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши|Кыргыз Республикасынын Жо­горку Кеңеши]]нде мыйзам чыгаруу, адам укугун коргоо, улуттук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы, 1995– 999-жылдарда [[Кыргыз Республикасынын Президенти]]нин жардамчысы, анын Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Президентинин Ад­министрациясынын бөлүм башчысы, [[Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши|Кыргыз Республикасынын Коопсуз­дук кеңеши]]нин катчысы, 2000–2008-жылдарда Э. Алиев атындагы [[Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин Академиясы]]нын начальниги болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
10:16, 14 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
ИШИМОВ Бексултан Бекмолдоевич [10. 08. 1947, СССР, Кыргыз ССРи, Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр (азыркы Аксы) району, Чарбак айылы] – милициянын генерал-лейтенанты (1997); юридика илимдеринин доктору (2002), профессор (2001). Европа

укук академиясынын мүчөсү (Будапешт, 1999), Россия коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча академиясынын академиги (2002), Казакстан Республикасынын ИИМ академиясынын профессору (2002). Кыргыз Мамлекеттик Дене Тарбия иститутун (1969), СССР Ички Иштер министрлигинин Караганды жогорку мектебин (1980), КПСС БКнын Коомдук Илимдер академиясынын аспирантурасын (1986), АКШнын Остин шаарындагы университеттин (1996), Аскер-аба күчтөрүнүн борборунун атайын курсун (1998, Флорида штаты) бүтүргөн. 1971–1972-жылдарда Кыргыз ССР ИИМдин эмгек-түзөтүү колониясында отряд начальниги, 1972–1978-жылдарда инспектору, парткомунун секретары, 1978–1988-жылдарда Кыргызстан КП БКда административдик органдар бөлүмүнүн инспектору, 1980– 1983-жылдарда Кыргызстан КП Талас обкомунун административдик органдар бөлүмүнүн башчысы, 1988–1989-жылдарда Кыргыз ССР ИИМде министрдин орун басары, 1989–1990-жылддарда Кыргызстан КП БКда мамлекеттик укук бөлүмүнүн башчысы, 1990–1995-жылдарда СССР Жогорку Советинин Республикалар Советинин мүчөсү, КМШнын парламент аралык комиссиясынын коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам чыгаруу, адам укугун коргоо, улуттук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы, 1995– 999-жылдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, анын Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Президентинин Администрациясынын бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2000–2008-жылдарда Э. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин Академиясынын начальниги болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.