ИСАЕВА Клара Асангазиевна: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Турганбаев Элебай moved page ИСАЕВА to ИСАЕВА Клара Асангазиевна) |
(Айырма жок)
| |
04:30, 14 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
ИСАЕВА Клара Асангазиевна (16. 05. 1960, СССР, Кыргыз ССРи, Пржевальск шаары) – юридика илимдеринин доктору (2002). Милициянын полковниги (1980). СССР Ички Иштер министрлигинин Волгоград шаарындагы жогорку мектебин (1986), Россия Федерациясынын Ички Иштер министрлигинин академиясын (1996) бүткөн. 1980–2003-жылдарда ички иштер органдарында иштеген. Кыргыз Мамлекеттик юридика академиясында декан, окуу-инспекция башкармалыгынын (2003–2006), саясий билим берүү башкармалыгынын (2006–2008) начальниги, Кыргыз Улуттук университетинде окуу-методикалык иштер боюнча проректор (2006–2008), 2008-жылдан Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетинде жана КУУнун юридика институтунда профессор. Кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышкан. 1998–2001-жылдарда Кыргыз Республикасында БириккенУлуттар уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү проблемалары боюнча укук коргоо органдары менен бирдикте социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) «Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту болтурбоо» ж. б. эл аралык долбоорлоруна катышкан. Кыргыз улуттук аттестациялоо комиссиясынын эксперттик кеңешинин төрагасынын орун басары жана юриспруденция боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү (2009). Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1994). Ок атуу боюнча спорт чебери (1998). 50дөй илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору.
Эмг.: Проблемы криминалистического обеспечения преступлений в сфере экономической деятельности. Б., 2002.