ИСМАИЛОВ Асейин: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСМАИЛОВ</b> | <b type='title'>ИСМАИЛОВ</b> Асейин (10. 03. 1937, [[СССР]], [[Кыргыз ССРи]], [[Жети-Өгүз району]], [[Барскоон айылы]] – 22. 02. 2008, [[Бишкек шаары]]) – философ, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989). [[Кыргыз Республикасы]]нын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2001). [[Кыргыз Мамлекеттик университети]]н (1961), [[СССР Илимдер академиясы]]нын философия институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1973). 1968–1969-жылдарда КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1974–1976-жылдарда Н. Э. Бау­ман атындагы Москва Мамлекеттик Техникалык университетинде, ошол эле учурда Н. Э. [[Циолковский|Циол­ковский]] атындагы авиациялык техникалык институтунда окутуучу, 1976–1985-жылдарда [[Москва шаары]]ндагы [[РСФСР]] эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер боюнча илимий изилдөө институтунда кызматкер, 1978–1981-жылдарда Моңгол мамлекеттик университетинде профессор-кон­сультант, 1987–1991-жылдарда СССР элге билим берүү мамлекеттик комитетинин жогорку мектебинин жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы илим-изилдөө лабораториясынын, 1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 170тен ашуун илимий эм­гектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге жана философиялык, социологиялык талдоонун объектиси ката­ры турмуш-тиричилик чөйрөсү менен өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган. | ||
Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004. | Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004. | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
01:39, 14 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
ИСМАИЛОВ Асейин (10. 03. 1937, СССР, Кыргыз ССРи, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы – 22. 02. 2008, Бишкек шаары) – философ, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989). Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2001). Кыргыз Мамлекеттик университетин (1961), СССР Илимдер академиясынын философия институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1973). 1968–1969-жылдарда КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1974–1976-жылдарда Н. Э. Бауман атындагы Москва Мамлекеттик Техникалык университетинде, ошол эле учурда Н. Э. Циолковский атындагы авиациялык техникалык институтунда окутуучу, 1976–1985-жылдарда Москва шаарындагы РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер боюнча илимий изилдөө институтунда кызматкер, 1978–1981-жылдарда Моңгол мамлекеттик университетинде профессор-консультант, 1987–1991-жылдарда СССР элге билим берүү мамлекеттик комитетинин жогорку мектебинин жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы илим-изилдөө лабораториясынын, 1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 170тен ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге жана философиялык, социологиялык талдоонун объектиси катары турмуш-тиричилик чөйрөсү менен өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.
Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004.