БАЙТУРСЫНОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙТУРСЫНОВ | '''БАЙТУРСЫНОВ''' Ахмет, А х м е т Б а й т у р ­с ы н у у л у [28. (15). 01. 1873, азыркы Костанай облусу, Жангелдин району, Сарытүбек айылы – 08. 12. 1938, Алматы] – казак элинин 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылын же­тектегендердин бири, мамлекеттик ишмер, акын, публицист, казак тили жана адабият таануу илимдеринин негиз салуучусу, алгачкы агартуучулардан. Тор­гойдогу эки жылдык орус-казак мектебин (1891), Оренбургдагы төрт жылдык мектепти (1895) бүтүргөн. 1895–1909-жылдарда Актөбө, Костанай, Кар­каралы уезддериндеги орус-казак мектептерин­де, Каркаралы шаардык окуу жайында эмгектен­ген. 1905-жылы 14500 адам кол койгон орус бийли­гине жиберген Каркаралы петициясынын автор­лорунун бири. Ошол мезгилден тартып, жан­дармдык көзөмөлгө алынып, губернатор Трой­ницкийдин буйругу менен 1909-жылы Семей түрмөсүнө камалат жана атайын чечимге ылайык, казак аймагынан тышкары айдалып, Оренбург шаарына (1910–1917) жер которуштурат. Бул жерде 1913 – 1918-жылдарда А. ''Бөкейханов'', М. Дулатов менен биргеле­шип, улуттук тунгуч «Алаш» гезитин чыгарышкан. Алар ошондой эле ''«Алаш» партиясы'' менен «Алаш» өкмөтүн да уюштурууга түздөн-түз катышкан. Жалпы казак курултайында Алаш өкмөтүнүн окуу-агартуу комиссиясынын төра­галыгына, 1919-жылы өкмөттүн Торгой облустук бөлү­мүнүн мүчөсү, РСФСР Эл комиссарлар Совети менен Казак аскердик-революциялык комитетинин төрага­сына орун басарлыкка дайындалган. Анын де­милгеси менен «Алаш ордонун» жетекчилери менен мүчөлөрүнө Совет өкмөтүнүн кечирими жарыя­ланган. 1920-жылы В. И. ''Ленинге'' Совет өкмөтүнүн Казакстанды башкаруу ишиндеги кемчиликте­рин сындаган кат жолдогон. Казакстан менен Рос­сиянын чек арасын аныктоо иштерине активдүү катышкан. 1919-жылы Костанай уездин Челябинск облусуна кошуу тууралуу чечимине каршы Байтурсыновдун саясий нааразылыгы уездди Казакстандын ку­рамына калтырууга негиз болгон. 1920-1925-жылдары Казак Республикасынын Эл агартуу комиссары, илимий-ада­бий комиссиясынын, өлкөнү изилдөө коомунун төрагасы, Оренбургда, Ташкендеги эл агартуу ин­ститутунда, Казак мамлекеттик университетинде иштеген (казак тили менен адабияты, маданияты боюнча лекция окуган). 1929-жылы Алаш кыймылын жетектеген 43 адам­дын ичинде Байтурсынов да айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган жана 1937-жылы атылган. Казак элинин 20-кылымдын башындагы азаттык үчүн күрөшүн, ой-мүдөөсүн чагылдырган «Кырк мисал» (1909), «Маса» (1911) аттуу чыгармалары жарык көргөн, ошондой эле орус классик-акындары­нын чыгармаларын да которгон. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
08:59, 17 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙТУРСЫНОВ Ахмет, А х м е т Б а й т у р с ы н у у л у [28. (15). 01. 1873, азыркы Костанай облусу, Жангелдин району, Сарытүбек айылы – 08. 12. 1938, Алматы] – казак элинин 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылын жетектегендердин бири, мамлекеттик ишмер, акын, публицист, казак тили жана адабият таануу илимдеринин негиз салуучусу, алгачкы агартуучулардан. Торгойдогу эки жылдык орус-казак мектебин (1891), Оренбургдагы төрт жылдык мектепти (1895) бүтүргөн. 1895–1909-жылдарда Актөбө, Костанай, Каркаралы уезддериндеги орус-казак мектептеринде, Каркаралы шаардык окуу жайында эмгектенген. 1905-жылы 14500 адам кол койгон орус бийлигине жиберген Каркаралы петициясынын авторлорунун бири. Ошол мезгилден тартып, жандармдык көзөмөлгө алынып, губернатор Тройницкийдин буйругу менен 1909-жылы Семей түрмөсүнө камалат жана атайын чечимге ылайык, казак аймагынан тышкары айдалып, Оренбург шаарына (1910–1917) жер которуштурат. Бул жерде 1913 – 1918-жылдарда А. Бөкейханов, М. Дулатов менен биргелешип, улуттук тунгуч «Алаш» гезитин чыгарышкан. Алар ошондой эле «Алаш» партиясы менен «Алаш» өкмөтүн да уюштурууга түздөн-түз катышкан. Жалпы казак курултайында Алаш өкмөтүнүн окуу-агартуу комиссиясынын төрагалыгына, 1919-жылы өкмөттүн Торгой облустук бөлүмүнүн мүчөсү, РСФСР Эл комиссарлар Совети менен Казак аскердик-революциялык комитетинин төрагасына орун басарлыкка дайындалган. Анын демилгеси менен «Алаш ордонун» жетекчилери менен мүчөлөрүнө Совет өкмөтүнүн кечирими жарыяланган. 1920-жылы В. И. Ленинге Совет өкмөтүнүн Казакстанды башкаруу ишиндеги кемчиликтерин сындаган кат жолдогон. Казакстан менен Россиянын чек арасын аныктоо иштерине активдүү катышкан. 1919-жылы Костанай уездин Челябинск облусуна кошуу тууралуу чечимине каршы Байтурсыновдун саясий нааразылыгы уездди Казакстандын курамына калтырууга негиз болгон. 1920-1925-жылдары Казак Республикасынын Эл агартуу комиссары, илимий-адабий комиссиясынын, өлкөнү изилдөө коомунун төрагасы, Оренбургда, Ташкендеги эл агартуу институтунда, Казак мамлекеттик университетинде иштеген (казак тили менен адабияты, маданияты боюнча лекция окуган). 1929-жылы Алаш кыймылын жетектеген 43 адамдын ичинде Байтурсынов да айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган жана 1937-жылы атылган. Казак элинин 20-кылымдын башындагы азаттык үчүн күрөшүн, ой-мүдөөсүн чагылдырган «Кырк мисал» (1909), «Маса» (1911) аттуу чыгармалары жарык көргөн, ошондой эле орус классик-акындарынын чыгармаларын да которгон.