КОЛОРАДО (Түндүк Америкадагы бөксө тоо): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛОРА́ДО</b> – | <b type='title'>КОЛОРА́ДО</b> – Түндүк Америка Кордильерасынын ички тилкесиндеги плато, АКШнын түштүк-баты­шында. Түндүк-батышынан Чоң Бассейн, чыгыш ж-а түндүк-чыгышынан аскалуу тоолор, түштү­гүнөн Мексика тайпак тоосунун ички аймакта­ры м-н чектешет. Аянты 300 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Басым­дуу бийиктиги 1800–2500 <i>м</i>, эң бийик жери – Хам­фрис-Пик тоосу (3861 <i>м</i>). Колорадо кембрийге чейинки кристаллдык тектерден түзүлүп, үстүн палеозой­дон палеогенге чейинки калың чөкмө тектер каптап жатат. Дарыя каньондору (шаңшаарлар) м-н тилмеленген (Колорадо дарыясындагы Чоң Кань­он ж. б.). Кайнозойдогу көтөрүлүүдөн вулканизм процесси жүрүп, дарыялар тоолорду жемире баш­таган (Колорадо дарыясындагы Чоң Каньондун пайда болушу). Колорадонун айрым жерлери супа сымал тү­зүлүштө, капталдары тик. Климаты субтропик­тик, континенттик, кургак; жылдык жаан-чачы­ны 200–500 <i>мм</i>. Талаа ж-а чөл өсүмдүктөрү (сук­куленттер кошо) басымдуу. Колорадонун түштүгүндө «түрдүү түстөгү» чөлдүү аймак жайгашкан; ан­дагы үбөлөнүүдөн пайда болгон өтө ачык түстөгү (ак, кызыл, сары, кызгыл сары) тоо тектер ж-а эол процесстери рельефтин өзгөчө (көпүрө, үңкүр, дарбаза сымал) формаларын пайда кылат. Уран-ванадий кендүү ири аймак; ошондой эле полиме­талл кенташтары ж-а алтын кендери бар. | ||
ички тилкесиндеги плато, АКШнын | |||
«түрдүү түстөгү» чөлдүү аймак жайгашкан; ан­дагы үбөлөнүүдөн пайда болгон өтө ачык түстөгү (ак, кызыл, сары, кызгыл сары) тоо тектер ж-а эол процесстери рельефтин өзгөчө (көпүрө, үңкүр, дарбаза сымал) формаларын пайда кылат. Уран-ванадий кендүү ири аймак; | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
03:51, 19 Март (Жалган куран) 2026 -деги абалы
КОЛОРА́ДО – Түндүк Америка Кордильерасынын ички тилкесиндеги плато, АКШнын түштүк-батышында. Түндүк-батышынан Чоң Бассейн, чыгыш ж-а түндүк-чыгышынан аскалуу тоолор, түштүгүнөн Мексика тайпак тоосунун ички аймактары м-н чектешет. Аянты 300 миң км2. Басымдуу бийиктиги 1800–2500 м, эң бийик жери – Хамфрис-Пик тоосу (3861 м). Колорадо кембрийге чейинки кристаллдык тектерден түзүлүп, үстүн палеозойдон палеогенге чейинки калың чөкмө тектер каптап жатат. Дарыя каньондору (шаңшаарлар) м-н тилмеленген (Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон ж. б.). Кайнозойдогу көтөрүлүүдөн вулканизм процесси жүрүп, дарыялар тоолорду жемире баштаган (Колорадо дарыясындагы Чоң Каньондун пайда болушу). Колорадонун айрым жерлери супа сымал түзүлүштө, капталдары тик. Климаты субтропиктик, континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 200–500 мм. Талаа ж-а чөл өсүмдүктөрү (суккуленттер кошо) басымдуу. Колорадонун түштүгүндө «түрдүү түстөгү» чөлдүү аймак жайгашкан; андагы үбөлөнүүдөн пайда болгон өтө ачык түстөгү (ак, кызыл, сары, кызгыл сары) тоо тектер ж-а эол процесстери рельефтин өзгөчө (көпүрө, үңкүр, дарбаза сымал) формаларын пайда кылат. Уран-ванадий кендүү ири аймак; ошондой эле полиметалл кенташтары ж-а алтын кендери бар.