КОКОС АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОКО&#769;С АРАЛДАРЫ</b> , К и л и н г – Инди океа&shy;нынын чыгыш бөлүгүндө, Суматра а-нан түш&shy;түктө жайгашкан аралдар тобу. Австралиянын тышкы аймагы. Аянты 14,2 <i>км</i><sup>2</sup>. К. а. 26 арал&shy;дан турат. Бул аралдардын үчөөндө гана эл бар. Калкы 629 (2009); негизинен малайзиялыктар (Хом а-нда), о. эле европалыктар да жашайт. Калкынын 80%ке жакыны мусулман-сүннөттөр, калгандары христиандар ж-а башка диндердин
<b type='title'>КОКО&#769;С АРАЛДАРЫ</b> , К и л и н г – Инди океа&shy;нынын чыгыш бөлүгүндө, Суматра аралынан түш&shy;түктө жайгашкан аралдар тобу. Австралиянын тышкы аймагы. Аянты 14,2 <i>км</i><sup>2</sup>. Кокос аралдары 26 арал&shy;дан турат. Бул аралдардын үчөөндө гана эл бар. Калкы 629 (2009); негизинен малайзиялыктар (Хом аралында), ошондой эле европалыктар да жашайт. Калкынын 80%ке жакыны мусулман-сүннөттөр, калгандары христиандар ж-а башка диндердин өкүлдөрү да кездешет. Эл аралык аэропорту бар (Уэст-Айленд аралында; негизинен Австралия ж-а Түштүк-Чыгыш Азия м-н байланышат). Административдик бор&shy;бору – Уэст-Айленд (калкы 200гө чукул, 2008; аталышы ушундай аралда жайгашкан). Бантам посёлкасынын калкы 400гө жакын (Хом аралында). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – австралия доллары. Климаты тропиктик пас&shy;саттык, нымдуу. Орточо температурасы 23–30°С; жаан-&shy;чачыны 2000 <i>мм</i> (негизинен январдан сентябр&shy;га чейин жаайт). Кокос пальмасы, бадал өсөт. Түндүк атоллу чектеш жаткан акваториялары м-н Пулу-Килинг улуттук паркынын аймагына туура келет. Аралдарды 1609-жылы капитан У. Кил&shy;линг ачкан. 1825-жылы 6-декабрда капитан Ж. Клю&shy;нис Росс башкарган экспедиция аралга келген. Ал 1827-жылы Түштүк атоллдун аралдарынын бирин&shy;де посёлка негиздеп, суматралыктар м-н ява&shy;лыктарды алып келип отурукташтырган. Алар дыйканчылык м-н алектенишкен. Росс 1831-жылы эки атоллго тең ээлик кылып, аралды үй-бүлөнүн менчиги деп жарыялаган. Аралга 1836-жылы ап&shy;релде атактуу табият таануучу Чарльз Дарвин келген. 1857-жылы Улуу Британия тарабынан ан&shy;некцияланып, 1878-жылы Цейлондун британиялык губернаторунун бийлигине баш ийдирилген. 1886-ж. Британия колониясы Стрейтс-Сетлментс&shy;тин курамына киргизилип, мөөнөтсүз пайдала&shy;нууга Клюнис-Росстун үй-бүлөсүнө кайтарыл&shy;ган. 1955-жылы Австралияга берилген, бирок Клю&shy;нис-Росстун тукумдары ээлик кылып келген. Австралия өкмөтү 1978–86-жылдарда гана Клюнис-Росстордон сатып алган. 1984-жылы 4-апрелде арал&shy;дын жашоочулары Австралиянын курамына киргенге макулдугун берип, добуш беришкен. Аралдын экономикасынын негизин кокос өстүрүү ж-а туризм түзөт. Балык кармалат. Кал&shy;кы негизинен портто эмгектенет. Автомобиль жолунун узундугу 22 <i>км</i> (анын 10 <i>км</i>и асфальттал&shy;ган). Түштүк атоллдун борбордук лагунасында деңиз кемелери туруучу якорлуу жай салынган. Сырт&shy;ка копра, кокос жаңгагы чыгарылат. Сырттан азык-түлүк ж. б. керектүү товарларды алат.
өкүлдөрү да кездешет. Эл аралык аэропорту бар
(Уэст-Айленд а-нда; негизинен Австралия ж-а Түш.-Чыгыш Азия м-н байланышат). Адм. бор&shy;бору – Уэст-Айленд (калкы 200гө чукул, 2008;
аталышы ушундай аралда жайгашкан). Бантам посёлкасынын калкы 400гө жакын (Хом а-нда).<br>
Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги –
австралия доллары. Климаты тропиктик пас&shy;саттык, нымдуу. Орт. темп-расы 23–30°С; жаан&shy;чачыны 2000 <i>мм</i> (негизинен январдан сентябр&shy;га чейин жаайт). Кокос пальмасы, бадал өсөт. Түн. атоллу чектеш жаткан акваториялары м-н Пулу-Килинг улуттук паркынын аймагына туура келет. Аралдарды 1609-ж. капитан У. Кил&shy;линг ачкан. 1825-ж. 6-декабрда капитан Ж. Клю&shy;нис Росс башкарган экспедиция аралга келген. Ал 1827-ж. Түш. атоллдун аралдарынын бирин&shy;де посёлка негиздеп, суматралыктар м-н ява&shy;лыктарды алып келип отурукташтырган. Алар дыйканчылык м-н алектенишкен. Росс 1831-ж. эки атоллго тең ээлик кылып, аралды үй-бүлөнүн менчиги деп жарыялаган. Аралга 1836-ж. ап&shy;релде атактуу табият таануучу Чарльз Дарвин келген. 1857-ж. Улуу Британия тарабынан ан&shy;некцияланып, 1878-ж. Цейлондун британиялык
губернаторунун бийлигине баш ийдирилген. 1886-ж. Британия колониясы Стрейтс-Сетлментс&shy;тин курамына киргизилип, мөөнөтсүз пайдала&shy;нууга Клюнис-Росстун үй-бүлөсүнө кайтарыл&shy;ган. 1955-ж. Австралияга берилген, бирок Клю&shy;нис-Росстун тукумдары ээлик кылып келген.<br>
Австралия өкмөтү 1978–86-ж. гана Клюнис-
Росстордон сатып алган. 1984-ж. 4-апрелде арал&shy;дын жашоочулары Австралиянын курамына киргенге макулдугун берип, добуш беришкен. Аралдын экономи кас ынын негизин кок ос
өстүрүү ж-а туризм түзөт. Балык кармалат. Кал&shy;кы негизинен портто эмгектенет. Автомобиль жолунун уз. 22 <i>км</i> (анын 10 <i>км</i>и асфальттал&shy;ган). Түш. атоллдун борб. лагунасында деңиз кемелери туруучу якорлуу жай салынган. Сырт&shy;ка копра, кокос жаңгагы чыгарылат. Сырттан азык-түлүк ж. б. керектүү товарларды алат.
 


Ад.: Кокосовые Острова // Всё о странах мира, атлас-справочник. М., 2006; Кокосовые (Килинг) Острова// Большая Российская Энциклопедия. Т. 14. М., 2009.  
Ад.: Кокосовые Острова // Всё о странах мира, атлас-справочник. М., 2006; Кокосовые (Килинг) Острова// Большая Российская Энциклопедия. Т. 14. М., 2009.  
<p align='right'><i type='author'>Р. Карачалова.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Р. Карачалова.</i></p>
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]

08:17, 17 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОКО́С АРАЛДАРЫ , К и л и н г – Инди океа­нынын чыгыш бөлүгүндө, Суматра аралынан түш­түктө жайгашкан аралдар тобу. Австралиянын тышкы аймагы. Аянты 14,2 км2. Кокос аралдары 26 арал­дан турат. Бул аралдардын үчөөндө гана эл бар. Калкы 629 (2009); негизинен малайзиялыктар (Хом аралында), ошондой эле европалыктар да жашайт. Калкынын 80%ке жакыны мусулман-сүннөттөр, калгандары христиандар ж-а башка диндердин өкүлдөрү да кездешет. Эл аралык аэропорту бар (Уэст-Айленд аралында; негизинен Австралия ж-а Түштүк-Чыгыш Азия м-н байланышат). Административдик бор­бору – Уэст-Айленд (калкы 200гө чукул, 2008; аталышы ушундай аралда жайгашкан). Бантам посёлкасынын калкы 400гө жакын (Хом аралында). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – австралия доллары. Климаты тропиктик пас­саттык, нымдуу. Орточо температурасы 23–30°С; жаан-­чачыны 2000 мм (негизинен январдан сентябр­га чейин жаайт). Кокос пальмасы, бадал өсөт. Түндүк атоллу чектеш жаткан акваториялары м-н Пулу-Килинг улуттук паркынын аймагына туура келет. Аралдарды 1609-жылы капитан У. Кил­линг ачкан. 1825-жылы 6-декабрда капитан Ж. Клю­нис Росс башкарган экспедиция аралга келген. Ал 1827-жылы Түштүк атоллдун аралдарынын бирин­де посёлка негиздеп, суматралыктар м-н ява­лыктарды алып келип отурукташтырган. Алар дыйканчылык м-н алектенишкен. Росс 1831-жылы эки атоллго тең ээлик кылып, аралды үй-бүлөнүн менчиги деп жарыялаган. Аралга 1836-жылы ап­релде атактуу табият таануучу Чарльз Дарвин келген. 1857-жылы Улуу Британия тарабынан ан­некцияланып, 1878-жылы Цейлондун британиялык губернаторунун бийлигине баш ийдирилген. 1886-ж. Британия колониясы Стрейтс-Сетлментс­тин курамына киргизилип, мөөнөтсүз пайдала­нууга Клюнис-Росстун үй-бүлөсүнө кайтарыл­ган. 1955-жылы Австралияга берилген, бирок Клю­нис-Росстун тукумдары ээлик кылып келген. Австралия өкмөтү 1978–86-жылдарда гана Клюнис-Росстордон сатып алган. 1984-жылы 4-апрелде арал­дын жашоочулары Австралиянын курамына киргенге макулдугун берип, добуш беришкен. Аралдын экономикасынын негизин кокос өстүрүү ж-а туризм түзөт. Балык кармалат. Кал­кы негизинен портто эмгектенет. Автомобиль жолунун узундугу 22 км (анын 10 кми асфальттал­ган). Түштүк атоллдун борбордук лагунасында деңиз кемелери туруучу якорлуу жай салынган. Сырт­ка копра, кокос жаңгагы чыгарылат. Сырттан азык-түлүк ж. б. керектүү товарларды алат.

Ад.: Кокосовые Острова // Всё о странах мира, атлас-справочник. М., 2006; Кокосовые (Килинг) Острова// Большая Российская Энциклопедия. Т. 14. М., 2009.

Р. Карачалова.