КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ</b> – 19- | <b type='title'>КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ</b> – 19-кылымдын 2-жары­мында кыргыздардын <i>Кокон хандыгына</i> каршы күрөшү. Россиянын вассалына айланган (1868) Кокон хандыгы карамагындагы элден (Фергана өрөөнү, Памир-Алай аймагы) алык-салык алуу­ну көбөйткөндүктөн, элдик көтөрүлүш баштал­ган. Алгач 1871-жылы эрте жазда Сох өрөөнүндө жашаган кыргыздар Кудаяр ханга каршы кө­төрүлүшкө чыгышкан. Атабек башында турган 2 миң сарбаз көтөрүлүшчүлөрдү чегинтип, 12 кыргызды колго түшүрүп, дарга асышкан. Эзүү­нүн күчөшүнөн улам Кокон хандыгынын кол алдында жашаган калк айласыз орустарга ка­раган башка уезддерге көчө башташкан (мисалы, 1873-жылы Олуя-Ата уездине 800дөн ашык түтүн көчкөн), бирок орус бийлиги аларды кайра кай­рып берген. Кокон көтөрүлүштөрүнүн биринчи этабы (1873–74) Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы чыкса, орус аскеринин ага жардам беришине байланыштуу экинчи этабында (1875–76) ал хандык м-н кошо орус бийлигине каршы багытталган. Көтөрүлүш­кө кыргыздардан башка өзбек, тажик, казак ж. б. элдер да катышкан. Кыргыздардын ич­килик уруусунан чыккан <i>Искак</i> Асан уулу Кокон көтөрүлүштөрүнүн белгилүү жетекчилеринин бири болгон [к. <i>Искактын көтөрүлүшү (1873–75)</i>]. Анжиян­дык кыргыздарды <i>Мамыр</i> Мерген уулу, чаткал­дыктарды <i>Момун</i> Шамырзак уулу жетектеген. Көтөрүлүштүн кысымынан адегенде Кудаяр хан, андан кийин такка отурган Насирдин качып барып, <i>Түркстан генерал-губернаторлугунун</i> кол алдына баш калкалоого аргасыз болгон. Көтөрүлүшчүлөр Коконду ээлеп алгандан ки­йин Кокон хандарынын өтүнүчүн канааттандыр­ган падыша өкмөтү анын аймагына орус аске­рин киргизүүгө уруксат берген. Ага карабастан, көтөрүлүш улана берген. 1875-жылы декабрдын аяк ченинде мыкты куралданган орус аскерлери На­манган шаарын, 1876-жылы январь айында Анжиян, Асаке, Үч-Коргон шаарларын көтөрүлүшчүлөрдөн бо­шоткон. Ага туруштук бере албаган кыргыздар 1876-жылы Алай тоолоруна чегинген. 1876-жылы 8-фев­ралда генералдар Г. А. Скобелев ж-а М. Д. Кол­паковский Коконго кирген. 19-февралда Кокон хандыгынын Россия империясынын курамына киргени тууралуу расмий буйрук жарыяланган. Скобелев ж-а Витгейнштейн жүргүзгөн Алай экс­педициясынын жыйынтыгында Абдылдабек жетектеген акыркы көтөрүлүшчүлөр 1876-жылы жай айларында Афганстанга өтүп, натыйжада Кокон көтөрүлүштөрү күчүн жоготкон (к. <i>Кыргызстандын Рос­сияга каратылышы</i>). | ||
өрөөнү, Памир-Алай аймагы) алык-салык алуу­ну көбөйткөндүктөн, элдик көтөрүлүш баштал­ган. Алгач 1871- | |||
2 миң сарбаз көтөрүлүшчүлөрдү чегинтип, 12 | |||
кыргызды колго түшүрүп, дарга асышкан. Эзүү­нүн күчөшүнөн улам Кокон хандыгынын кол алдында жашаган калк айласыз орустарга ка­раган башка уезддерге көчө башташкан ( | |||
Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы чыкса, орус аскеринин ага жардам беришине байланыштуу | |||
экинчи этабында (1875–76) ал хандык м-н кошо | |||
орус бийлигине каршы багытталган. Көтөрүлүш­кө кыргыздардан башка өзбек, тажик, казак ж. б. элдер да катышкан. Кыргыздардын ич­килик уруусунан чыккан <i>Искак</i> Асан уулу | |||
ченинде мыкты куралданган орус аскерлери На­манган | |||
жай айларында Афганстанга өтүп, натыйжада | |||
| 16 сап: | 6 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>С. Наркеев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>С. Наркеев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
03:07, 17 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОКОН КӨТӨРҮЛҮШТӨРҮ – 19-кылымдын 2-жарымында кыргыздардын Кокон хандыгына каршы күрөшү. Россиянын вассалына айланган (1868) Кокон хандыгы карамагындагы элден (Фергана өрөөнү, Памир-Алай аймагы) алык-салык алууну көбөйткөндүктөн, элдик көтөрүлүш башталган. Алгач 1871-жылы эрте жазда Сох өрөөнүндө жашаган кыргыздар Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Атабек башында турган 2 миң сарбаз көтөрүлүшчүлөрдү чегинтип, 12 кыргызды колго түшүрүп, дарга асышкан. Эзүүнүн күчөшүнөн улам Кокон хандыгынын кол алдында жашаган калк айласыз орустарга караган башка уезддерге көчө башташкан (мисалы, 1873-жылы Олуя-Ата уездине 800дөн ашык түтүн көчкөн), бирок орус бийлиги аларды кайра кайрып берген. Кокон көтөрүлүштөрүнүн биринчи этабы (1873–74) Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы чыкса, орус аскеринин ага жардам беришине байланыштуу экинчи этабында (1875–76) ал хандык м-н кошо орус бийлигине каршы багытталган. Көтөрүлүшкө кыргыздардан башка өзбек, тажик, казак ж. б. элдер да катышкан. Кыргыздардын ичкилик уруусунан чыккан Искак Асан уулу Кокон көтөрүлүштөрүнүн белгилүү жетекчилеринин бири болгон [к. Искактын көтөрүлүшү (1873–75)]. Анжияндык кыргыздарды Мамыр Мерген уулу, чаткалдыктарды Момун Шамырзак уулу жетектеген. Көтөрүлүштүн кысымынан адегенде Кудаяр хан, андан кийин такка отурган Насирдин качып барып, Түркстан генерал-губернаторлугунун кол алдына баш калкалоого аргасыз болгон. Көтөрүлүшчүлөр Коконду ээлеп алгандан кийин Кокон хандарынын өтүнүчүн канааттандырган падыша өкмөтү анын аймагына орус аскерин киргизүүгө уруксат берген. Ага карабастан, көтөрүлүш улана берген. 1875-жылы декабрдын аяк ченинде мыкты куралданган орус аскерлери Наманган шаарын, 1876-жылы январь айында Анжиян, Асаке, Үч-Коргон шаарларын көтөрүлүшчүлөрдөн бошоткон. Ага туруштук бере албаган кыргыздар 1876-жылы Алай тоолоруна чегинген. 1876-жылы 8-февралда генералдар Г. А. Скобелев ж-а М. Д. Колпаковский Коконго кирген. 19-февралда Кокон хандыгынын Россия империясынын курамына киргени тууралуу расмий буйрук жарыяланган. Скобелев ж-а Витгейнштейн жүргүзгөн Алай экспедициясынын жыйынтыгында Абдылдабек жетектеген акыркы көтөрүлүшчүлөр 1876-жылы жай айларында Афганстанга өтүп, натыйжада Кокон көтөрүлүштөрү күчүн жоготкон (к. Кыргызстандын Россияга каратылышы).
Ад.: Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т. 1. СПб., 1906; Джамгирчинов Б. Очерк политической истории Киргизии XIX века. Ф., 1966; Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977; Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004.
С. Наркеев.