АБУ БАКР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''АБУ БАКР,''' толук түрүндө Абдаллах ибн Осмон (Абу Кухафа) ибн Амир ибн Амр ибн Кааб ибн Саад ибн Тайм ибн Муррах ибн Кааб ибн Улуай ибн Галиб ибн Фихр [27. 11. 572, [[Меке]] (азыркы [[Сауд Арабиясы]]) – [[Медина]] шаары, 23. 08. 634] – [[мусулмандар]]дын биринчи [[калпа]]сы [халиф (632–634)], мамлекеттик саясий ишмер; [[Мухаммед пайгамбар]]дын [[кайын ата]]сы, анын ишин улантуучулардын бири. [[Ислам]] динине эң биринчилердин катарында киргени үчүн пайгамбар алгач ага «Атик» («Аман калуучу»), кийин Мухаммедди чексиз колодогону жана анын айткандарынын чын экендигине күбө болгону үчүн «ас-Сыдык» («Чынчыл, Адил, Адилет»)  деген ысымдарды ыйгарган. [[Хижра]] учурунда (622-жылы) адегенде пайгамбарды Мекенин чет жакасындагы Сабр үңкүрүндө жашырып, кийин Медина шаарына коштоп барган. 624-жылы кызы [[Айша]]ны пайгамбарга берип, анын бардык жүрүштөрүнө катышкан жана Табуктагы салгылашууда мусулмандардын туусун алып жүргөн. 632-ж. Мухаммед кайтыш болгондон кийин калпалыкка бекитилген. Абу Бакрдин тушунда [[Арабия жарым аралы]]нда исламдын таасири бекем орноп, чыгышында [[Сирия]], [[Ирак]] жана [[Сасандар]]дын империясына каршы жүрүштөр башталган. Анын буйругу менен Мухаммеддин алгачкы «ачылыштары менен айткандары» жыйнакталып көчүрүлгөн. Кийинчерээк ал ыйык [[Куран]]дын негизин түзгөн.
'''АБУ БАКР,''' толук түрүндө Абдаллах ибн Осмон (Абу Кухафа) ибн Амир ибн Амр ибн Кааб ибн Саад ибн Тайм ибн Муррах ибн Кааб ибн Улуай ибн Галиб ибн Фихр [27. 11. 572, [[Меке]] (азыркы [[Сауд Арабиясы]]) – [[Медина]] шаары, 23. 08. 634] – [[мусулмандар]]дын биринчи [[калпа]]сы [халиф (632–634)], мамлекеттик саясий ишмер; [[Мухаммед пайгамбар]]дын [[кайын ата]]сы, анын ишин улантуучулардын бири. [[Ислам]] динине эң биринчилердин катарында киргени үчүн пайгамбар алгач ага «Атик» («Аман калуучу»), кийин Мухаммедди чексиз колдогону жана анын айткандарынын чын экендигине күбө болгону үчүн «ас-Сыдык» («Чынчыл, Адил, Адилет»)  деген ысымдарды ыйгарган. [[Хижра]] учурунда (622-жылы) адегенде пайгамбарды Мекенин чет жакасындагы Сабр үңкүрүндө жашырып, кийин Медина шаарына коштоп барган. 624-жылы кызы [[Айша]]ны пайгамбарга берип, анын бардык жүрүштөрүнө катышкан жана Табуктагы салгылашууда мусулмандардын туусун алып жүргөн. 632-жылы Мухаммед кайтыш болгондон кийин калпалыкка бекитилген. Абу Бакрдин тушунда [[Арабия жарым аралы]]нда исламдын таасири бекем орноп, чыгышында [[Сирия]], [[Ирак]] жана [[Сасандар]]дын империясына каршы жүрүштөр башталган. Анын буйругу менен Мухаммеддин алгачкы «ачылыштары менен айткандары» жыйнакталып көчүрүлгөн. Кийинчерээк ал ыйык [[Куран]]дын негизин түзгөн.


Ад.: Али-заде А. А. Али ибн Абу Талиб. /Исламский энциклопедический словарь. М., 2007.
Ад.: Али-заде А. А. Али ибн Абу Талиб. /Исламский энциклопедический словарь. М., 2007.

04:24, 16 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

АБУ БАКР, толук түрүндө Абдаллах ибн Осмон (Абу Кухафа) ибн Амир ибн Амр ибн Кааб ибн Саад ибн Тайм ибн Муррах ибн Кааб ибн Улуай ибн Галиб ибн Фихр [27. 11. 572, Меке (азыркы Сауд Арабиясы) – Медина шаары, 23. 08. 634] – мусулмандардын биринчи калпасы [халиф (632–634)], мамлекеттик саясий ишмер; Мухаммед пайгамбардын кайын атасы, анын ишин улантуучулардын бири. Ислам динине эң биринчилердин катарында киргени үчүн пайгамбар алгач ага «Атик» («Аман калуучу»), кийин Мухаммедди чексиз колдогону жана анын айткандарынын чын экендигине күбө болгону үчүн «ас-Сыдык» («Чынчыл, Адил, Адилет»)  деген ысымдарды ыйгарган. Хижра учурунда (622-жылы) адегенде пайгамбарды Мекенин чет жакасындагы Сабр үңкүрүндө жашырып, кийин Медина шаарына коштоп барган. 624-жылы кызы Айшаны пайгамбарга берип, анын бардык жүрүштөрүнө катышкан жана Табуктагы салгылашууда мусулмандардын туусун алып жүргөн. 632-жылы Мухаммед кайтыш болгондон кийин калпалыкка бекитилген. Абу Бакрдин тушунда Арабия жарым аралында исламдын таасири бекем орноп, чыгышында Сирия, Ирак жана Сасандардын империясына каршы жүрүштөр башталган. Анын буйругу менен Мухаммеддин алгачкы «ачылыштары менен айткандары» жыйнакталып көчүрүлгөн. Кийинчерээк ал ыйык Курандын негизин түзгөн.

Ад.: Али-заде А. А. Али ибн Абу Талиб. /Исламский энциклопедический словарь. М., 2007.

М. Абдылдаев.