КОАГУЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОАГУЛЯ́ЦИЯ</b> (лат. сoagulatio – уюу, коюула­нуу) – молекулардын тартылуу күчтөрүнүн таа­сири м-н майда бөлүкчөлөрдүн биригип, чоңу­раак бөлүкчөлөрдү пайда кылуусунун натыйжа­сында коллоиддик эритмелер фазаларга ажы­рап, чөкмөлөрдү же килкилдектерди пайда кы­луу процесси. Коагуляция кубулушу өзүнөн-өзү абдан жай жүрөт. Аларды тездетүүнүн эң негизги ыкмала­ры – коллоиддик эритмелерге ар түрдүү элек­тролиттерди кошуу. Электролиттерди кошкон­до, коллоиддик бөлүкчөлөрдүн алгачкы зарядда­ры азаят же нейтралдашат да,коагуляция процесси тез­дейт. Кээ бир коллоиддик эритмелер температура­нын жогорулашынан коагуляцияланат. Мисалы, жумуртка агынын уюшу, сүттүн эжигейге айланышы ж. б. коагуляция жаратылыштагы процесстерде кенен тарал­ган, мисалы, геологияда минералдын пайда болу­шу, атмосферада аэрозолдун таркашы, | <b type='title'>КОАГУЛЯ́ЦИЯ</b> (лат. сoagulatio – уюу, коюула­нуу) – молекулардын тартылуу күчтөрүнүн таа­сири м-н майда бөлүкчөлөрдүн биригип, чоңу­раак бөлүкчөлөрдү пайда кылуусунун натыйжа­сында коллоиддик эритмелер фазаларга ажы­рап, чөкмөлөрдү же килкилдектерди пайда кы­луу процесси. Коагуляция кубулушу өзүнөн-өзү абдан жай жүрөт. Аларды тездетүүнүн эң негизги ыкмала­ры – коллоиддик эритмелерге ар түрдүү элек­тролиттерди кошуу. Электролиттерди кошкон­до, коллоиддик бөлүкчөлөрдүн алгачкы зарядда­ры азаят же нейтралдашат да, коагуляция процесси тез­дейт. Кээ бир коллоиддик эритмелер температура­нын жогорулашынан коагуляцияланат. Мисалы, жумуртка агынын уюшу, сүттүн эжигейге айланышы ж. б. коагуляция жаратылыштагы процесстерде кенен тарал­ган, мисалы, геологияда минералдын пайда болу­шу, атмосферада аэрозолдун таркашы, өнөр жайда сус­пензия, эмульсиялардын пайда болуусу. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
05:34, 13 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОАГУЛЯ́ЦИЯ (лат. сoagulatio – уюу, коюулануу) – молекулардын тартылуу күчтөрүнүн таасири м-н майда бөлүкчөлөрдүн биригип, чоңураак бөлүкчөлөрдү пайда кылуусунун натыйжасында коллоиддик эритмелер фазаларга ажырап, чөкмөлөрдү же килкилдектерди пайда кылуу процесси. Коагуляция кубулушу өзүнөн-өзү абдан жай жүрөт. Аларды тездетүүнүн эң негизги ыкмалары – коллоиддик эритмелерге ар түрдүү электролиттерди кошуу. Электролиттерди кошкондо, коллоиддик бөлүкчөлөрдүн алгачкы заряддары азаят же нейтралдашат да, коагуляция процесси тездейт. Кээ бир коллоиддик эритмелер температуранын жогорулашынан коагуляцияланат. Мисалы, жумуртка агынын уюшу, сүттүн эжигейге айланышы ж. б. коагуляция жаратылыштагы процесстерде кенен таралган, мисалы, геологияда минералдын пайда болушу, атмосферада аэрозолдун таркашы, өнөр жайда суспензия, эмульсиялардын пайда болуусу.