КМШ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КМШ</b> , Көз карандысыз Мамлекеттердин Шерик­тештиги – эгемендүү, көз карандысыз мамле­кеттердин өз ара макулдашууларынын ж-а ке­лишимдеринин негизинде пайда болгон мамле­кеттер аралык бирикмеси. КМШ 1991-ж. 8-де­кабрда Минск | <b type='title'>КМШ</b> , Көз карандысыз Мамлекеттердин Шерик­тештиги – эгемендүү, көз карандысыз мамле­кеттердин өз ара макулдашууларынын ж-а ке­лишимдеринин негизинде пайда болгон мамле­кеттер аралык бирикмеси. КМШ 1991-ж. 8-де­кабрда Минск шаарына жакын жердеги Беловежа токоюнда СССРдин курамындагы РСФСР, Бе­ларуссия ж-а Украина республикаларынын өкүлдөрү кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартта СССР боюнча өткөрүлгөн рефе­рендумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай башта­ганын билдирген. Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында Азербайжан, Армения, Казак­стан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөн­стан, Өзбекстан, Беларуссия, Россия ж-а Украи­на биригип, КМШны түзүү келишимине кол кою­шуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, терең кризистин негизинде СССР өзүнүн жашоо­сун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М. С. Горбачёв 1991-ж. 25-декабрда президент­тик милдетин аткарууну токтоткондугун бил­дирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары ж-а принциптери төмөндөгүдөй аныкталат: КМШ өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мам­лекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес; анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мам­лекеттер түзгөн келишимдерде макулдашылган тартипте артыкчылыктык принциби боюнча ишке ашырылат; эл аралык стратегиялык туруктуу­лукту сактоо максатында аскердик-стратегия­лык күчтөр боюнча бириккен командалык ж-а яд­ролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакта­лат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый м-н мамиле кылышат; КМШга башка дагы каа­лаган мамлекеттер кошула алат. КМШнын не­гизги органдары – Мамлекет башчыларынын ке­ңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, Атка­руучу секретариаты, Мамлекет аралык экономикалык ке­ңеш, Парламент аралык ассамблея, Коргоо ми­нистрлер кеңеши, Тышкы иштер министрлер кеңеши, Космос боюнча мамлекеттер аралык ке­ңеш, Коллективдүү коопсуздук келишими ж. б. КМШнын туруктуу иштеген органы – Коорди­нациялык-кеңеш берүүчү комитет (Минскиде жай­гашкан). КМШнын Мамлекет башчылар кеңе­ши, Өкмөт башчылар кеңеши ж. б. органдарын­да жолугушуулар өткөрүлүп, маанилүү заман­бап маселелер чечилип турат. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
05:05, 13 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КМШ , Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын ж-а келишимдеринин негизинде пайда болгон мамлекеттер аралык бирикмеси. КМШ 1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын жердеги Беловежа токоюнда СССРдин курамындагы РСФСР, Беларуссия ж-а Украина республикаларынын өкүлдөрү кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартта СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген. Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Беларуссия, Россия ж-а Украина биригип, КМШны түзүү келишимине кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, терең кризистин негизинде СССР өзүнүн жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М. С. Горбачёв 1991-ж. 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары ж-а принциптери төмөндөгүдөй аныкталат: КМШ өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес; анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер түзгөн келишимдерде макулдашылган тартипте артыкчылыктык принциби боюнча ишке ашырылат; эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр боюнча бириккен командалык ж-а ядролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый м-н мамиле кылышат; КМШга башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алат. КМШнын негизги органдары – Мамлекет башчыларынын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, Аткаруучу секретариаты, Мамлекет аралык экономикалык кеңеш, Парламент аралык ассамблея, Коргоо министрлер кеңеши, Тышкы иштер министрлер кеңеши, Космос боюнча мамлекеттер аралык кеңеш, Коллективдүү коопсуздук келишими ж. б. КМШнын туруктуу иштеген органы – Координациялык-кеңеш берүүчү комитет (Минскиде жайгашкан). КМШнын Мамлекет башчылар кеңеши, Өкмөт башчылар кеңеши ж. б. органдарында жолугушуулар өткөрүлүп, маанилүү заманбап маселелер чечилип турат.