КЛИМАТТЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ПРОЦЕССТЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЛИМАТТЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ПРОЦЕССТЕР</b> – Жердин же айрым региондун климатын | <b type='title'>КЛИМАТТЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ПРОЦЕССТЕР</b> – Жердин же айрым региондун климатын | ||
аныктоочу жаратылыш процесстери. Жалпы Жер үчүн | аныктоочу жаратылыш процесстери. Жалпы Жер үчүн климатты пайда кылуучу процесстер: жылуулук айлануу (жер бети м-н атмосферанын ортосундагы жылуулук ж-а ным алмашуу процесстерин камтыйт); атмосферанын жалпы циркуляциясы (айрым региондор үчүн жергиликтүү циркуляция, мисалы, <i>бриз</i>, тоо-өрөөн ша­малдары ж. б. маанилүү). Үч негизги климатты пайда кылуучу процесстер бири-бири м-н тыгыз байланышта болуп, кли­маттын ар бир элементинин режими алардын биргелешкен таасиринен калыптанат. Климатты пайда кылуучу процесстер конкреттүү географиялык шартта жүрүп, анын натый­жасына таасирин тийгизет. Анын эң маанилүүсү <i>географиялык кеңдик</i> (ага түшкөн күн нурунун өлчөмү, түшүү узактыгы, суткалык ж-а сезон­дук өзгөрүүсү, абанын температурасы, атмосфералык басым ж. б. байланыштуу) ж-а аба агымынын өзгөчө­лүктөрүн аныктаган Жердин айлануу күчүнүн кыйшаюусу (<i>Кориолис күчү</i>). Деңиз деңгээлинин бийиктиги атмосферадагы ж-а тоодогу климаттык шарттарга таасир этип, бийиктик климаттык алкактарды (к. <i>Бийиктик алкактуулук, Кли­маттык райондоштуруу</i>) пайда кылат. Би­йиктиги жүздөгөн ж-а миңдеген <i>м</i>ге жеткен аз аралык климатка кеңдик боюнча миңдеген <i>км</i>ге тете таасирин тийгизет. Анткени тоолор ж-а тоо тизмектери аба агымын, температураны, булуттуу­лукту, жаан-чачынды экинчи капталына өт­көрбөй кармап калат. Кургактык м-н деңиздер­дин болушу материктер м-н океандардын кли­матынын айырмачылыгын жаратат. Ал айыр­мачылык топурак м-н суунун үстүнкү катмар­лары жылуулукту түрдүүчө сиңирип алышына ж-а таралышына байланыштуу. Деңиздик кли­маттык шарт аба агымдары м-н материктерге терең кирип, ал эми континенттик климат океандардын чектеш бөлүктөрүнө таасирин тий­гизет. Климатты пайда кылуучу процесстерде жылуу ж-а муздак океан агымдарынын таасири зор. Жогорку кеңдиктер­де жылуу агым атмосфераны жылытып, төмөнкү кең­диктерде муздак агым атмосфераны муздатат. Жы­луу агымдардын үстүндө аба массалары жылып, жаан-чачынды алып келүүчү конвекциялык булут пайда болот. Жылуу аба <i>адвекция</i>сы көбүнчө океандын батыш жээктеринде байка­лат. Муздак агымдар континенттен соккон жылуу абанын адвекциясында атмосфералык конвекция­сына, булуттун пайда болуусуна тоскоолдук кылат; анын үстүндө аба массасы трансформа­цияланып, материктерге суук алып келет. Тоң­гон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, ту­ман пайда болот. Топурактын чагылдыруу жөндөмдүүлүгү (<i>альбедо</i>) м-н нымдуулугу негиз­ги мааниге ээ. Радиацияны сиңирүүдө ж-а ча­гылдырууда ным ж-а шамал өсүмдүктөргө таа­сирин тийгизет. Климатты пайда кылууда кур­гактыкта ж-а деңизде сезондук ж-а туруктуу кар же муз катмарынын, тоолордо фирн талаала­рынын ж-а мөңгүлөрдүн мааниси зор. Антарк­тиданын ж-а Гренландиянын үстүндөгү турук­туу муз калкандары, уюлдук аймактардагы кал­кыма муздар температуранын режимине, шамалга, булуттуулукка, нымдуулукка таасирин тийги­зет. Түндүк ж-а түштүк жарым шарларда <i>Антарк­тика антициклону</i> м-н <i>Гренландия антицик­лону</i> ири масштабдуу атмосфера циркуляциясынын өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Гренландия м-н Антарктиданын муздуктарына жааган кар алар­дын чет-жакаларынан кертилип түшкөн айсберг­дердин ордун толуктап турат. Кар ж-а муз кат­мары жогорку альбедого (нурду чагылдыруу жөндөмдүүлүгүнө; 60–70%) ээ. Кар ж-а муз кат­мары жылуулук алмашууда абанын температурасын, жер бетинин жаркыроосун ж-а буулануусун төмөндөтөт.<br>Климатты пайда кылуучу негизги фактор – атмосфера абасынын курамы. Ал жаратылыш про­цесстеринен (жанартоонун атылышынан, ири токой массивдеринин өрттөлүшүнөн, чаңдуу ж-а кумдуу бороондон), адамдын техногендик иш-аракеттеринен (өнөр жай ишканалары ж-а ав­томобилден чыккан таштандыны өрттөөдөн) дайыма өзгөрүп турат. Натыйжада атмосферада көмүр кычкылынын ж. б. газдардын өлчөмү көбөйүп, <i>парник эффектисине</i> алып келет, <i>аэрозолдор­дун</i> химиялык курамы ж-а өлчөмү өзгөрөт. Глобалдык климатты пайда кылуучу процесстер (мисалы, континенттер­дин дрейфи, Жер орбитасынын параметрлери­нин өзгөрүшү ж. б.) млндогон жылдар ичинде, ал эми региондук процесстер (ландшафттын жа­салма же табигый алмашуусу, ири көлмөлөрдүн пайда болушу же жоголушу ж. б.) жүздөгөн жылдар ичинде климатты өзгөртөт. | ||
өлчөмү, түшүү узактыгы, суткалык ж-а сезон­дук өзгөрүүсү, абанын | |||
өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Гренландия м-н | |||
Антарктиданын муздуктарына жааган кар алар­дын чет-жакаларынан кертилип түшкөн айсберг­дердин ордун толуктап турат. Кар ж-а муз кат­мары жогорку альбедого (нурду чагылдыруу | |||
жөндөмдүүлүгүнө; 60–70%) ээ. Кар ж-а муз кат­мары жылуулук алмашууда абанын | |||
Климатты пайда кылуучу негизги фактор – | |||
Глобалдык | |||
Ад.: Тепловой баланс Земли / Под ред. М. И. Бу­дыко. Л., 1978; <i>Кароль И. Л.</i> Введение в динамику климата Земли. Л., 1988; <i>Кислов А. В.</i> Климат в прошлом, настоящем и будущем. М., 2001. | Ад.: Тепловой баланс Земли / Под ред. М. И. Бу­дыко. Л., 1978; <i>Кароль И. Л.</i> Введение в динамику климата Земли. Л., 1988; <i>Кислов А. В.</i> Климат в прошлом, настоящем и будущем. М., 2001. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
07:26, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КЛИМАТТЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ПРОЦЕССТЕР – Жердин же айрым региондун климатын
аныктоочу жаратылыш процесстери. Жалпы Жер үчүн климатты пайда кылуучу процесстер: жылуулук айлануу (жер бети м-н атмосферанын ортосундагы жылуулук ж-а ным алмашуу процесстерин камтыйт); атмосферанын жалпы циркуляциясы (айрым региондор үчүн жергиликтүү циркуляция, мисалы, бриз, тоо-өрөөн шамалдары ж. б. маанилүү). Үч негизги климатты пайда кылуучу процесстер бири-бири м-н тыгыз байланышта болуп, климаттын ар бир элементинин режими алардын биргелешкен таасиринен калыптанат. Климатты пайда кылуучу процесстер конкреттүү географиялык шартта жүрүп, анын натыйжасына таасирин тийгизет. Анын эң маанилүүсү географиялык кеңдик (ага түшкөн күн нурунун өлчөмү, түшүү узактыгы, суткалык ж-а сезондук өзгөрүүсү, абанын температурасы, атмосфералык басым ж. б. байланыштуу) ж-а аба агымынын өзгөчөлүктөрүн аныктаган Жердин айлануу күчүнүн кыйшаюусу (Кориолис күчү). Деңиз деңгээлинин бийиктиги атмосферадагы ж-а тоодогу климаттык шарттарга таасир этип, бийиктик климаттык алкактарды (к. Бийиктик алкактуулук, Климаттык райондоштуруу) пайда кылат. Бийиктиги жүздөгөн ж-а миңдеген мге жеткен аз аралык климатка кеңдик боюнча миңдеген кмге тете таасирин тийгизет. Анткени тоолор ж-а тоо тизмектери аба агымын, температураны, булуттуулукту, жаан-чачынды экинчи капталына өткөрбөй кармап калат. Кургактык м-н деңиздердин болушу материктер м-н океандардын климатынын айырмачылыгын жаратат. Ал айырмачылык топурак м-н суунун үстүнкү катмарлары жылуулукту түрдүүчө сиңирип алышына ж-а таралышына байланыштуу. Деңиздик климаттык шарт аба агымдары м-н материктерге терең кирип, ал эми континенттик климат океандардын чектеш бөлүктөрүнө таасирин тийгизет. Климатты пайда кылуучу процесстерде жылуу ж-а муздак океан агымдарынын таасири зор. Жогорку кеңдиктерде жылуу агым атмосфераны жылытып, төмөнкү кеңдиктерде муздак агым атмосфераны муздатат. Жылуу агымдардын үстүндө аба массалары жылып, жаан-чачынды алып келүүчү конвекциялык булут пайда болот. Жылуу аба адвекциясы көбүнчө океандын батыш жээктеринде байкалат. Муздак агымдар континенттен соккон жылуу абанын адвекциясында атмосфералык конвекциясына, булуттун пайда болуусуна тоскоолдук кылат; анын үстүндө аба массасы трансформацияланып, материктерге суук алып келет. Тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот. Топурактын чагылдыруу жөндөмдүүлүгү (альбедо) м-н нымдуулугу негизги мааниге ээ. Радиацияны сиңирүүдө ж-а чагылдырууда ным ж-а шамал өсүмдүктөргө таасирин тийгизет. Климатты пайда кылууда кургактыкта ж-а деңизде сезондук ж-а туруктуу кар же муз катмарынын, тоолордо фирн талааларынын ж-а мөңгүлөрдүн мааниси зор. Антарктиданын ж-а Гренландиянын үстүндөгү туруктуу муз калкандары, уюлдук аймактардагы калкыма муздар температуранын режимине, шамалга, булуттуулукка, нымдуулукка таасирин тийгизет. Түндүк ж-а түштүк жарым шарларда Антарктика антициклону м-н Гренландия антициклону ири масштабдуу атмосфера циркуляциясынын өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Гренландия м-н Антарктиданын муздуктарына жааган кар алардын чет-жакаларынан кертилип түшкөн айсбергдердин ордун толуктап турат. Кар ж-а муз катмары жогорку альбедого (нурду чагылдыруу жөндөмдүүлүгүнө; 60–70%) ээ. Кар ж-а муз катмары жылуулук алмашууда абанын температурасын, жер бетинин жаркыроосун ж-а буулануусун төмөндөтөт.
Климатты пайда кылуучу негизги фактор – атмосфера абасынын курамы. Ал жаратылыш процесстеринен (жанартоонун атылышынан, ири токой массивдеринин өрттөлүшүнөн, чаңдуу ж-а кумдуу бороондон), адамдын техногендик иш-аракеттеринен (өнөр жай ишканалары ж-а автомобилден чыккан таштандыны өрттөөдөн) дайыма өзгөрүп турат. Натыйжада атмосферада көмүр кычкылынын ж. б. газдардын өлчөмү көбөйүп, парник эффектисине алып келет, аэрозолдордун химиялык курамы ж-а өлчөмү өзгөрөт. Глобалдык климатты пайда кылуучу процесстер (мисалы, континенттердин дрейфи, Жер орбитасынын параметрлеринин өзгөрүшү ж. б.) млндогон жылдар ичинде, ал эми региондук процесстер (ландшафттын жасалма же табигый алмашуусу, ири көлмөлөрдүн пайда болушу же жоголушу ж. б.) жүздөгөн жылдар ичинде климатты өзгөртөт.
Ад.: Тепловой баланс Земли / Под ред. М. И. Будыко. Л., 1978; Кароль И. Л. Введение в динамику климата Земли. Л., 1988; Кислов А. В. Климат в прошлом, настоящем и будущем. М., 2001.