КЛЕМЕНЦ Елизавета Николаевна: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

03:28, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КЛЕ́МЕНЦ Елизавета Николаевна [1859 (1854), Красноярск – 4. 1. 1914, Москва] – байыркы түрк жазуу эстеликтерин ачкандардын бири, бо­таник, Д. А. Клеменцтин аялы. Казандагы Радион институтун ж-а Санкт-Петербургдагы (1884) Бестужев курстарын (табият-тарых бөлүмүн) бүткөн. 1884-жылы Минусинскидеги жергиликтүү аялдар прогимназиясынын башчысы болгон. 1887-жыл­дан күйөөсү Д. А. Клеменцтин бардык экспеди­циясына катышып, ботаника бөлүмүн жетек­теген. 1897-жылы Түндүк Моңголияга барган учурда Тонйукукка арналган эстеликти тапкан.

Ад.: Адрианов А. В. (некролог). Памяти супругов Клеменц//ИВСОРГО. Т. 45. СПб., 1917.