АЛЫМБЕК ДАТКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Gulira
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''АЛЫМБЕК ДАТКА''' '''Асан бий уулу,''' А л ы м б е к парваначы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан ''Кокон хандыгынын'' саясий жана мамлекеттик  ишмери. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Атактуу ''Курманжан датка''нын күйөөсү. 27 жашында Кокон ханы Мадалыга кызмат өтөй баштаган. 1831-жылы Мадалы хан Алымбекке датка наамын ыйгарган. 32 жашында Анжиян вилайетинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү саясий роль ойногон. 1842-жылы ''Шераалыны хан'' көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн чоң медресе курдуруп, (к. ''Алымбектин'' медресеси),'' анын карамагына Чынабад кыштагынан'' жер бөлүп берген (ал «Алымбек чек» деп аталат). Көпүрөлөрдү, тегирмендерди курдурган, арык каздырып, суу чыгарткан, эгин аянттарын кеңейткен, мөмө-жемиш бактарын көбөйткөн. 1845-жылдагы ордого каршы ''Алай, Ош'' элдик кыймылын'' жетектеген. 50-жылдары кыргыздар ''Кудаяр ханды'' тактыдан четтетип, ''Малла ханды'' (1858–1862) бийликке алып келүүнүн да'' негизги уюштуруучуларынан болгон.
'''АЛЫМБЕК ДАТКА''' (айрым тарыхый булактарда Алимбек-датхах) Асан бий уулу, Алымбек [[парваначы]] (1799, [[Алай өрөөнү]] –1862, [[Кокон шаары]]) – [[кыргыз эли]]нен чыккан саясий жана мамлекеттик  ишмер. [[Адыгине]] уруусунун [[баргы]] уругунан. [[Курманжан датка]]нын күйөөсү. 27 жашынан [[Кокон хандыгы]]нын бийлик кызматына тартылган. 1831-жылы [[Мадалы хан]] (1822–1842)  Алымбекке датка наамын ыйгарган. 32 жашында [[Анжиян]] вилайетинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү саясий роль ойногон. 1842-жылы [[Шераалы]]ны хан (1842–1845) көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун [[Ош шаары]]на көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн чоң медресе курдуруп, (кара: [[Алымбектин медресеси]]), анын карамагына Чынабад кыштагынан жер бөлүп берген (ал «Алымбек чек» деп аталат). Көпүрөлөрдү, тегирмендерди курдурган, арык каздырып, суу чыгарткан, эгин аянттарын кеңейткен, мөмө-жемиш бактарын көбөйткөн. 1845-жылдагы ордого каршы Алай, Ош элдик кыймылынжетектеген.[[Кыргыздар]]дын [[Кудаяр хан]]ды (1844–1858; 1862–1863; 1865–1875) тактыдан четтетип,[[Мала хан]]ды (1858–1862) бийликке алып келүүнүн да негизги уюштуруучуларынан болгон.
[[File:АЛЫМБЕК ДАТКА_16.png | thumb|Алымбек датканын эстелиги. Ош ш.]]
[[File:АЛЫМБЕК ДАТКА_16.png | thumb|Алымбек датканын эстелиги. Ош ш.]]

[[File:АЛЫМБЕК ДАТКА_17.png | thumb|Алымбек датка салдырган Оштогу медресе.]]
[[File:АЛЫМБЕК ДАТКА_17.png | thumb|Алымбек датка салдырган Оштогу медресе.]]
1858-жылы Маллабек Кудаяр ханга нааразы болуп, Кара-Сууга келип, кыргыздардан жардам сурап кайрылганда, ага Асан бий менен Алымбек  датка  баш болгон кыргыздын таасирлүү уруу жетекчилери колдоо көрсөтүшкөн. Натыйжада, Кудаяр хан бийликтен четтетилип, анын ордун аталаш бир тууганы Малла хан ээлеген. Ушул жылы кыргыз жергесине келген Чокан ''Валиханов:'' «Малла хан өзүнүн бийликке келиши үчүн кыргыздарга милдеттүү болуп, алардын башчысы Алибекке (Алымбек) миң башылык орунду убада кылган, бирок узак убакытка чейин анын бул орунда болушун каалаган эмес. Ага карабай Алымбек датка ал учурда жогорку баш вазир пайдаланган укукту пайдаланган», – деп жазган. Ал Малла хандын тушунда эбегейсиз таасирлүү болуп, Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын уруу башчылары менен да мамилесин чыңдап, кыргыз элинин биримдигин чыңдоого аракеттенген. 1860-жылы  орус аскерлери тарабынан Токмок, Пишпек чептери алынган соң, Малла хан Алымбек  датканы чептерди бошотууга жиберген. Алымбек  датка  «Анжиян колу» деп аталган кошуун менен Нарын аркылуу Чүйгө багыт алып, жолду ката кыргыздардан колун толуктап, аскерлери 12 миңге жеткен. Анын кошуунунун ичинде Жангарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын жана Шабдандын да жигиттери болгон. Пишпектин алдында Ташкенттен келген ''Канат'' шаанын ортосунда аскер башчылыкты талашкан чатак чыгат. Натыйжада Узун-Агач, Кара-Кастек, Каскелең өрөөндөрүндөгү салгылашууларда Алымбек  датка  кошуунун кармашка киргизбей коюп, Кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Каракастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылган соң, Узун-Агачка экинчи ирет чабуул кылууга буюрган Канатка Алымбек каршы чыккан. Ушундай окуялардан соң Алымбек  датканы Малла хан Коконго келгичекти өлүм жазасына буюрганы Курманжан аркылуу маалым болуп, Алымбек датка ордого барбай Алайга келет да Алай элин баштап, көтөрүлүшкө чыгат. Бирок өзүнүн алсыздыгын сезген датка Тогуз-Торо тарапка өтүп, ал жерден Үмөтаалы, Ажы, Адыл, Төрөгелди сыяктуу адамдарды көтөрүлүшкө тарткан. Буларды уккан Малла хан мурдагы өкүмүнөн баш тартып, кыргыздар менен жакындашуу максатында 40 адамдан турган элчисин Алымбекке жиберет. Алымбек  датка  Малла хан жиберген адамдар менен сүйлөшүү жүргүзбөстөн, алардын башын алдыртып таштаган. Ал Куртка, Тогуз-Торо, Жумгал кыргыздарынын арасында калып, кыргыздардын көз каранды эмес мамлекетин түзүүгө аракет кылган. Батыш Сибирь губернатору Дюмагель Ала-Тоо округунун жетекчиси Г. К. Колпаковскийге: «эгер кокусунан Алымбек биз менен сүйлөшкүсү келсе, баш тартпастан аны менен жакшы мамиледе болуу керек»,- деп айткан. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга катышып, тактыга Сарымсактын уулу 15 жаштагы жээни Шахмурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага ''аталык'' болуп турган. 1862-жылы хан сарайындагы кезектеги кутумда өлтүрүлгөн.
1858-жылы Малабек Кудаяр ханга нааразы болуп, Кара-Сууга келип, кыргыздардан жардам сурап кайрылганда, ага Асан бий менен Алымбек  датка  баш болгон кыргыздын таасирлүү уруу жетекчилери колдоо көрсөтүшкөн. Натыйжада, Кудаяр хан бийликтен четтетилип, анын ордун аталаш бир тууганы Мала хан ээлеген. Ушул жылы кыргыз жергесине келген Чокан [[Валиханов]]: «Мала хан өзүнүн бийликке келиши үчүн кыргыздарга милдеттүү болуп, алардын башчысы Алибекке (Алымбек) миң башылык орунду убада кылган, бирок узак убакытка чейин анын бул орунда болушун каалаган эмес. Ага карабай Алымбек датка ал учурда жогорку баш [[вазир]] пайдаланган укукту пайдаланган», – деп жазган. Ал Мала хандын тушунда эбегейсиз таасирлүү болуп, Түндүк [[Кыргызстан]]дагы кыргыздардын уруу башчылары менен да мамилесин чыңдап, кыргыз элинин биримдигин чыңдоого аракеттенген. 1860-жылы  орус аскерлери тарабынан [[Токмок]], [[Пишпек]] чептери алынган соң, Мала хан Алымбек  датканы чептерди бошотууга жиберген. Алымбек  датка  «Анжиян колу» деп аталган кошуун менен [[Нарын]] аркылуу [[Чүй]]гө багыт алып, жолду ката кыргыздардан колун толуктап, аскерлери 12 миңге жеткен. Анын кошуунунун ичинде [[Жангарач]] баштаган [[солто]], [[сарыбагыш]] [[манап]]тарынын жана [[Шабдан]]дын да жигиттери болгон. Пишпектин алдында [[Ташкент]]тен келген [[Канат]] шаанын ортосунда аскер башчылыкты талашкан чатак чыгат. Натыйжада [[Узун-Агач]], Кара-Кастек, Каскелең өрөөндөрүндөгү салгылашууларда Алымбек  датка  кошуунун кармашка киргизбей коюп, Кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Каракастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылган соң, Узун-Агачка экинчи ирет чабуул кылууга буюрган Канатка Алымбек каршы чыккан. Ушундай окуялардан соң Алымбек  датканы Мала хан Коконго келгичекти өлүм жазасына буюрганы Курманжан аркылуу маалым болуп, Алымбек датка ордого барбай Алайга келет да Алай элин баштап, көтөрүлүшкө чыгат. Бирок өзүнүн алсыздыгын сезген датка [[Тогуз-Торо]] тарапка өтүп, ал жерден [[Үмөтаалы]], Ажы, [[Адыл]], [[Төрөгелди]] сыяктуу адамдарды көтөрүлүшкө тарткан. Буларды уккан Мала хан мурдагы өкүмүнөн баш тартып, кыргыздар менен жакындашуу максатында 40 адамдан турган элчисин Алымбекке жиберет. Алымбек  датка  Мала хан жиберген адамдар менен сүйлөшүү жүргүзбөстөн, алардын башын алдыртып таштаган. Ал [[Куртка]], Тогуз-Торо, [[Жумгал]] кыргыздарынын арасында калып, кыргыздардын көз каранды эмес мамлекетин түзүүгө аракет кылган. Батыш Сибирь губернатору (1861–1866) А. О. Дюмагель [[Ала-Тоо округу]]нун жетекчиси Г. К. [[Колпаковский]]ге: «эгер кокусунан Алымбек биз менен сүйлөшкүсү келсе, баш тартпастан аны менен жакшы мамиледе болуу керек»,- деп айткан. 1862-жылы 24-февралда Мала ханды өлтүрүү үчүн кутумга катышып, тактыга Сарымсактын уулу 15 жаштагы жээни Шахмурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага [[аталык]] болуп турган. 1862-жылы хан сарайындагы кезектеги кутумда өлтүрүлгөн. Алымбек датканын эстелиги Гүлчө жана Ош шаарына тургузулуп, ошол эле Ош шаарында атайын музей уюштурулган.

Ад.: Валиханов Ч. Ч. Записки о киргизах. //Собр. соч. в 5- т. А.-А., 1985; ''Хасанов А.'' Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004.
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Записки о киргизах. //Собр. соч. в 5- т. А.-А., 1985; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004; Бейсембиев Т. К. Кокандская историография. Исследование по источниковедению Средней Азии XVIII–XIX веков. А., 2009.

Т.Өмүрбеков.

Т.Өмүрбеков.

[[Категория:1-Том]]
[[Категория:1-Том]]

03:07, 12 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

АЛЫМБЕК ДАТКА (айрым тарыхый булактарда Алимбек-датхах) Асан бий уулу, Алымбек парваначы (1799, Алай өрөөнү –1862, Кокон шаары) – кыргыз элинен чыккан саясий жана мамлекеттик ишмер. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Курманжан датканын күйөөсү. 27 жашынан Кокон хандыгынын бийлик кызматына тартылган. 1831-жылы Мадалы хан (1822–1842) Алымбекке датка наамын ыйгарган. 32 жашында Анжиян вилайетинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү саясий роль ойногон. 1842-жылы Шераалыны хан (1842–1845) көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн чоң медресе курдуруп, (кара: Алымбектин медресеси), анын карамагына Чынабад кыштагынан жер бөлүп берген (ал «Алымбек чек» деп аталат). Көпүрөлөрдү, тегирмендерди курдурган, арык каздырып, суу чыгарткан, эгин аянттарын кеңейткен, мөмө-жемиш бактарын көбөйткөн. 1845-жылдагы ордого каршы Алай, Ош элдик кыймылынжетектеген.Кыргыздардын Кудаяр ханды (1844–1858; 1862–1863; 1865–1875) тактыдан четтетип,Мала ханды (1858–1862) бийликке алып келүүнүн да негизги уюштуруучуларынан болгон.

Алымбек датканын эстелиги. Ош ш.
Алымбек датка салдырган Оштогу медресе.

1858-жылы Малабек Кудаяр ханга нааразы болуп, Кара-Сууга келип, кыргыздардан жардам сурап кайрылганда, ага Асан бий менен Алымбек датка баш болгон кыргыздын таасирлүү уруу жетекчилери колдоо көрсөтүшкөн. Натыйжада, Кудаяр хан бийликтен четтетилип, анын ордун аталаш бир тууганы Мала хан ээлеген. Ушул жылы кыргыз жергесине келген Чокан Валиханов: «Мала хан өзүнүн бийликке келиши үчүн кыргыздарга милдеттүү болуп, алардын башчысы Алибекке (Алымбек) миң башылык орунду убада кылган, бирок узак убакытка чейин анын бул орунда болушун каалаган эмес. Ага карабай Алымбек датка ал учурда жогорку баш вазир пайдаланган укукту пайдаланган», – деп жазган. Ал Мала хандын тушунда эбегейсиз таасирлүү болуп, Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын уруу башчылары менен да мамилесин чыңдап, кыргыз элинин биримдигин чыңдоого аракеттенген. 1860-жылы орус аскерлери тарабынан Токмок, Пишпек чептери алынган соң, Мала хан Алымбек датканы чептерди бошотууга жиберген. Алымбек датка «Анжиян колу» деп аталган кошуун менен Нарын аркылуу Чүйгө багыт алып, жолду ката кыргыздардан колун толуктап, аскерлери 12 миңге жеткен. Анын кошуунунун ичинде Жангарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын жана Шабдандын да жигиттери болгон. Пишпектин алдында Ташкенттен келген Канат шаанын ортосунда аскер башчылыкты талашкан чатак чыгат. Натыйжада Узун-Агач, Кара-Кастек, Каскелең өрөөндөрүндөгү салгылашууларда Алымбек датка кошуунун кармашка киргизбей коюп, Кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Каракастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылган соң, Узун-Агачка экинчи ирет чабуул кылууга буюрган Канатка Алымбек каршы чыккан. Ушундай окуялардан соң Алымбек датканы Мала хан Коконго келгичекти өлүм жазасына буюрганы Курманжан аркылуу маалым болуп, Алымбек датка ордого барбай Алайга келет да Алай элин баштап, көтөрүлүшкө чыгат. Бирок өзүнүн алсыздыгын сезген датка Тогуз-Торо тарапка өтүп, ал жерден Үмөтаалы, Ажы, Адыл, Төрөгелди сыяктуу адамдарды көтөрүлүшкө тарткан. Буларды уккан Мала хан мурдагы өкүмүнөн баш тартып, кыргыздар менен жакындашуу максатында 40 адамдан турган элчисин Алымбекке жиберет. Алымбек датка Мала хан жиберген адамдар менен сүйлөшүү жүргүзбөстөн, алардын башын алдыртып таштаган. Ал Куртка, Тогуз-Торо, Жумгал кыргыздарынын арасында калып, кыргыздардын көз каранды эмес мамлекетин түзүүгө аракет кылган. Батыш Сибирь губернатору (1861–1866) А. О. Дюмагель Ала-Тоо округунун жетекчиси Г. К. Колпаковскийге: «эгер кокусунан Алымбек биз менен сүйлөшкүсү келсе, баш тартпастан аны менен жакшы мамиледе болуу керек»,- деп айткан. 1862-жылы 24-февралда Мала ханды өлтүрүү үчүн кутумга катышып, тактыга Сарымсактын уулу 15 жаштагы жээни Шахмурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. 1862-жылы хан сарайындагы кезектеги кутумда өлтүрүлгөн. Алымбек датканын эстелиги Гүлчө жана Ош шаарына тургузулуп, ошол эле Ош шаарында атайын музей уюштурулган.

Ад.: Валиханов Ч. Ч. Записки о киргизах. //Собр. соч. в 5- т. А.-А., 1985; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004; Бейсембиев Т. К. Кокандская историография. Исследование по источниковедению Средней Азии XVIII–XIX веков. А., 2009.

Т.Өмүрбеков.