ЖУСУПБЕКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 Азизбек Кылычбекович (1959-ж.т., Сокулук р-ну, Шалта айылы) -  философ, философия илимд. доктору (2011), профессор (2017). 1981-ж. С. М. Киров атн. Казак мамлекеттик ун-тин бүткөн. КМУда окутуучу, ил. кызматкер, Кыргыз ССР ИАда ил. кызматкер, бөлүмдүн окумуштуу секретары, бөлүм башчы, КР Президентинин Аппаратында бөлүм башчы, КР Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчы, КР Жогорку Кеңешинин Аппаратында бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары, КР УИАнын Философия ж-а саясий-укуктук изилдөөлөр ин-тунун окумуштуу секретары, ин-ттун директорунун орун басары, бөлүм башчысы. 100дөй ил. эмгектин (а. и. 6 монография) автору. Эмг.: Этническая идентичность номадов. Б. 2010; Трайбализм постномадов. Б. 2017.