КИЧИ КАРА-КУЖУР (ОТТУК) ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИЧИ КАРА-КУЖУР (ОТТУК) ӨРӨӨНҮ</b> Ортоң­ку Нарын ойдуңунун | <b type='title'>КИЧИ КАРА-КУЖУР (ОТТУК) ӨРӨӨНҮ</b> Ортоң­ку Нарын ойдуңунун түндүк тарабында, Кичи Кара- Кужур (Оттук) суусунун алабында жайгашкан. Нарын районунун аймагында. Узундугу 50 <i>км.</i> Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2200–3000 <i>м.</i> Жогорку бөлүгүндө тай­пак грабен өрөөнү; Ак-Таш тоосу м-н Байдулу тоосунун аралыгында кеңдик багытта созулуп жатат (узундугу 15 <i>км</i>); капталдары улам жогорула­ган сайын (чыгышка) айдөш болуп кетет; башы жапыз кайкы аркылуу Солтон-Сары өрөөнү (Он- Арчанын алабы) м-н туташат. Долон ашуусу тушта Байдулу тоосун кесип өткөн антецедент­тик капчыгай (узундугу 5 <i>км</i>). Кара-Үңкүр айылынан төмөн өрөөн (узундугу 20 <i>км</i>ге жакын) бир аз кеңийт (500–600 <i>м</i>ге чейин). Төмөн жагында (3 <i>км</i> ара­лыкта) капталдары тик, таманы кууш (100–150 <i>м</i>) антецеденттик өткөөл капчыгайды пай­да кылат. Андан төмөн (10 <i>км</i> аралыкта) тоо этегине чыгат да бир аз кеңейип (500–800 <i>м</i>ге чейин), адырлуу тилкеге өтөт. Климаты мелүүн континенттик, январдын орточо температурасы –12°С, июлдуку 11°С. Жылдык жаан-чачыны 350 <i>мм</i>. Суулары: Оттук, Он-Арча ж. б. Негизинен та­лаа ж-а шалбаалуу талаа, бадалдуу карагай то­кою, субальп, альп шалбаалуу талаа, чөл ланд­шафты басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; тө­мөнкү бөлүгүндө арпа, тоют өсүмдүктөрү айда­лат. Өрөөндө Оттук, Казан-Куйган, Кара-Үңкүр кыштактары жайгашкан. Бишкек – Торугарт автомо­биль жолу өтөт. | ||
(500–600 <i>м</i>ге чейин). Төмөн жагында (3 <i>км</i> ара­лыкта) капталдары тик, таманы кууш ( | |||
этегине чыгат да бир аз кеңейип (500–800 <i>м</i>ге | |||
чейин), адырлуу тилкеге өтөт. Климаты мелүүн континенттик, январдын | |||
Суулары: Оттук, Он-Арча ж. б. Негизинен та­лаа ж-а шалбаалуу талаа, бадалдуу карагай то­кою, субальп, альп шалбаалуу талаа, чөл ланд­шафты басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; тө­мөнкү бөлүгүндө арпа, тоют өсүмдүктөрү айда­лат. Өрөөндө Оттук, Казан-Куйган, Кара-Үңкүр | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
10:10, 9 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КИЧИ КАРА-КУЖУР (ОТТУК) ӨРӨӨНҮ Ортоңку Нарын ойдуңунун түндүк тарабында, Кичи Кара- Кужур (Оттук) суусунун алабында жайгашкан. Нарын районунун аймагында. Узундугу 50 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2200–3000 м. Жогорку бөлүгүндө тайпак грабен өрөөнү; Ак-Таш тоосу м-н Байдулу тоосунун аралыгында кеңдик багытта созулуп жатат (узундугу 15 км); капталдары улам жогорулаган сайын (чыгышка) айдөш болуп кетет; башы жапыз кайкы аркылуу Солтон-Сары өрөөнү (Он- Арчанын алабы) м-н туташат. Долон ашуусу тушта Байдулу тоосун кесип өткөн антецеденттик капчыгай (узундугу 5 км). Кара-Үңкүр айылынан төмөн өрөөн (узундугу 20 кмге жакын) бир аз кеңийт (500–600 мге чейин). Төмөн жагында (3 км аралыкта) капталдары тик, таманы кууш (100–150 м) антецеденттик өткөөл капчыгайды пайда кылат. Андан төмөн (10 км аралыкта) тоо этегине чыгат да бир аз кеңейип (500–800 мге чейин), адырлуу тилкеге өтөт. Климаты мелүүн континенттик, январдын орточо температурасы –12°С, июлдуку 11°С. Жылдык жаан-чачыны 350 мм. Суулары: Оттук, Он-Арча ж. б. Негизинен талаа ж-а шалбаалуу талаа, бадалдуу карагай токою, субальп, альп шалбаалуу талаа, чөл ландшафты басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; төмөнкү бөлүгүндө арпа, тоют өсүмдүктөрү айдалат. Өрөөндө Оттук, Казан-Куйган, Кара-Үңкүр кыштактары жайгашкан. Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт.