КИЧИ АЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИЧИ А́ЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ</b> <i>Кичи Азия</i> | <b type='title'>КИЧИ А́ЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ</b> <i>Кичи Азия</i> жарым аралынан орун алган, Түркияда. Узундугу 1200 <i>км</i>дей, туурасы 600 <i>км</i>ге чейин. Басымдуу бийиктиги 800–1500 <i>м</i>. Ички бөлүгүн <i>Анадолу бөксө тоосу,</i> түндүгүн <i>Понт тоолору,</i> түштүгүн <i>Тавр тооло­ру</i> ээлейт. Эң бийик жери 3916 <i>м</i> (Эржияс жа­нартоосу). Чыгышынан Армян тайпак тоосуна, батышында Кичи Азия жарым аралынын батыш бөлү­гүндөгү кырка тоолорго өтөт. Ички аймакта­рында жарым чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү ба­сымдуу, тоолордун сыртка караган капталда­рында токой ж-а жер ортолук деңиздик бадал­дар өсөт. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
09:11, 9 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КИЧИ А́ЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ Кичи Азия жарым аралынан орун алган, Түркияда. Узундугу 1200 кмдей, туурасы 600 кмге чейин. Басымдуу бийиктиги 800–1500 м. Ички бөлүгүн Анадолу бөксө тоосу, түндүгүн Понт тоолору, түштүгүн Тавр тоолору ээлейт. Эң бийик жери 3916 м (Эржияс жанартоосу). Чыгышынан Армян тайпак тоосуна, батышында Кичи Азия жарым аралынын батыш бөлүгүндөгү кырка тоолорго өтөт. Ички аймактарында жарым чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу, тоолордун сыртка караган капталдарында токой ж-а жер ортолук деңиздик бадалдар өсөт.